воскресенье, 28 апреля 2013 г.

Эл арманы

Көк асманды кара-тору булут басты,
Элди бузар адат келди каяктагы.
Боорун жерден көтөрө албай жүрсө дагы,
Катарынан баары эле саясатчы.

Болчу эле мен билгенден мурдалары,
Эн акылман, барктуу киши элдин башы.
Эки ооз соз жаттап алып, билгени жок,
Эси жоктор эл башкарчу болуп алды.

Керек эмес эч кимге элдин дарты,
Сурап койбойт бирөө келип ал-абалды.
Же бапестеп кучагында эр жеткирген,
Өз элинде булардын өчү барбы?

Жүрөк сыздайт элди көрүп талаадагы,
Тентип кеткен калктын оор акыбалы.
Бир боорлору кордук көрүп жүрсө дагы,
Муну менен мансапкордун иши барбы?

Айта берсе түгөнбөйт армандары,
Качан келет элдин күткөн самаганы?
Көч түзөлткөн, жыйнаган чачылганды,
Манас болчу, Нүзүп болчу адам барбы
Энелер

Эч сөз таппайм, Ай беле, же Күн беле
Наамы турган баарысынан жогору
Эне деген улуулук бар дүйнөдө

Эч соолубай жайнап турган гүл өңү
Наристенин жүрөгүнөн таптаза
Энелердин жалпыбызга жүрөгү

Энесинен кандай адам түңүлмөк
Назик сезим Жаратканга ыраазы
Эне баркын сездиргенге шүгүр деп

Эне деген сөздөн бакыт куюлат
Нечендерди багындырган дүйнөнү
Энелерим турат дайым сулуулап

Эч толкунсуз ала салбайт кеме да
Не деген миң түйшүктөрдү көтөрөт
Эне деген ошондуктан эне да

Эне, эне бир улуу сыр бар мында
Нур бейишти пайгамбарым айтыптыр
Энелердин таманынын алдында

Энелерди барктап, сыйлап жүрөлүк
Наркы бийик энелердин өмүрү
Эч бөксөрбөй толуп турсун түбөлүк
Үшүгөндө

Өкүмөт бүгүн газ берет,
Өзүбек тарап аз берет.
Өчпөй тур, эптеп, жылыткыч,
Өлбөгөн жанга жаз келет.

Ташкенге дагы керектир,
Талашкан казак себептир.
Үшүбөй жүрсөк болду эле,
Үмүтүм сенсиң, электр!

Тоңдурган ызгаар дем келди,
Топтолгон кышка тең келди.
"Кыш болбойт" деген кыйынга
Кудайдын жини келгенби?

Араңжан күйүп ак шамдар,
Аязга тоңот жаш балдар.
"Агентке" жазат арызын,
Азыртан үшүп жаткандар...
Кымбатым менин!
Кыйноого салсам кечирчи?
Кылгырып көзүң,
“Кыйбасым, жаным!”- десинчи?
Кылчактап араң узадым сенин жаныңдан,
Карап тур эми, таарынтпайм сени экинчи!

Таптаттуум менин!
Таарынтып койсом кечирчи?
Түшүмө кирди,
Тунжурай түшкөн кезиңчи...
Таң атпай, узак болду окшойт ушул түн дагы,
Таптакыр эми таарынтпайм сени экинчи!
Турмуш сен: Ачуу белең, таттуу белең?
Кээде жөө, кээде дуулап аттуу келем.
Бирок мен башкаларга көз артпастан,
Мактанам ушул бүткөн бактым менен.
Ата журт

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу... бороон улуп, кар уруп...
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Түндөр жаман... кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп...
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка... Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!
Куйругу жок, жалы жок,
Кумда туулуп, чөлдө өскөн,
Кулан байкуш кантти экен?
Чымчып алар жүнү жок,
Чыңырарга үнү жок.
Боорунда буту жок,
Жылан байкуш кантти экен?
Баккан малы жок,
Мал багарга алы жок.
Көзү-башын көгөртүп,
Көгөн байкуш кантти экен?
Таразасын көтөрүп,
Тарбаңдаган шор тумшук,
Таш бака байкуш кантти экен?
Боору жерге жабышып,
Баса албаган балчактап,
Бака байкуш кантти экен?
Оргон-жыйган чөбү жок,
Эчтемеге эби жок,
Доңуз байкуш кантти экен?
Бороон-чапкын күч алды,
Суунун бетин муз чалды,
Балык байкуш кантти экен?
Баш калкалаар үйү жок,
Пааналаган жери жок,
Курт-кумурска кантти экен?
ЭКӨӨБҮЗ СЫНТАККАНДЫ НЕ КЫЛАБЫЗ?

Өмүр аз, бир берилди сага, мага
Мен сенин сынтакпаймын арабаңа,
Сен дагы мен капыстан тайгалансам
Саның чаап арабаңдан табалаба!

Мен сендей эсептебейм кадамымды,
Жаңылсам, кайра түзөйм абалымды,
Мени кой, кокус өзүң тайгалансаң
Ойлой жүр дайының таппай каларыңды.
Мен сизди сагынганда…
Ордума тура албай эбелектеп,
Орунсуз санаа тартам чебелектеп.
Умтулуп эбак өткөн жолуңузга.
Үмүтүм жанып, «али келе элек»-деп,
Мен болдум сезим мунар кыйрабаган,
Муң салып жүрөгүмдү кыйнап анан,
Бактылуу жандай жатка күлүп туруп,
Башкага билгизбестен ыйлап алам.

Мен сизди эстегенде…
Тагдырым таразада ойнотулуп,
Таба албайм, туура жолду ойго тунуп.
Кыялга эрксиздиктен батып кетем,
Капырай, кадимкидей ойгоо туруп.
Өксүдүм, жетпей-жетпей көздөгөнгө,
Өкүнүп, бирге өмүр кезбегенге.
А бирок дүйнөм түгөл, кемтиги жок,
Ар күнү өзүңүздү эстегенде…

Мен сизди сагынганда…
Кое албай бул сезимге такыр илеп,
Келемин бирок сизге бакыт тилеп.
Батынып бир кучактап алгым келди,
Балким бул? Балким ушул АКЫРКЫ ИРЕТ?
Мен сизди сагынганда…
Мен сизди сагындым да…
Алтын балалык

Ал кезекте сен тентек кыз эселек,
Мен да бала сүт оозумдан кетелек.
Жар бооруна экөөлөп,
Орок менен үй куруп.
Жаңы гана үйлөнүп,
Көчүп келдик дечү элек

“Кемпир!” десем мен колуңдан жетелеп,
“Белим ий” – деп сен да мага эркелеп.
Чалым байкуш жумуштан,
Чарчады деп мени аяп.
Чай канаткан күндөрүң,
Али эсимден кетелек.

Коштошоордо коомай кармап колумду,
-Сагынба... – деп, санга бөлдүң оюмду.
Жаш күнүмдүн унуткус,
Эстелиги ушул деп.
Карап турдум жалдырап,
Караан үзгөн жолуңду.

Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Мага билгизбей,
Сүйүүмдү ойготкон
Төрөлбөгөн балдарымдын атасы,
Жөрөлгөнүн жөндөп түздөп катасын,
Мендик бойдон өтүш үчүн бүгүн сен,
Мендик бойдон бүлө күтүп жатасың.

Мендиксиң сен, мендик эмей эмине?!
Кемтиксиң сен менсиз айтаар кебиңен.
Мага арналчу сөздөрдү угуп колуктуң,
Менин демим тыңшап азыр демиңен…

Жомоктосоң сен мен сүйгөн жактарды,
Көлөкөсү көзүңдө ойноп ак шамдын.
Ойун баспай, ордум баскан ал кургур,
Мен сүйлөөчү сөздү таппай жаткандыр…

Төрөлбөгөн балдарымдын атасы,
Жөрөлгөнүн жөндөп бүгүн катасын,
Мендик бойдон өтүш үчүн дүйнөдөн,
Мендик бойдон бүлө күтүп жатасың…
АТАКЕМ ООРУБАСЫН

Ден соолук адамга зор байлык тура,
Демейде ушул ойго келбейт тура.
Адамды жараткан соң жаратканым,
Төп кылып тегерегин бербейт тура.
Оорунун кадырын соо билбейт деген,
Орундуу ушул ак сөз чындык тура?

Кыйналып ооруп турса жаның, ата,
Кысылып мен турамын таштай ката.
“Атакем аман-эсен айыксынчы”,
Деп сурайм жараткандан кайра-кайра.
Оорубай жүргөн күнүң эстей берем,
Ошол күн кайра келчи, кеттиң кайда?

Ушул ыр эм болсун деп дем болсун деп,
Ак тилек айтып сизге багыштадым.
Балдарың жетилсинчи өсүп-өнүп,
Бакайдай абышка бол сыйын көрүп.
Тилекти жаратканым кабыл кылсын,
Ылайым ишиң дайым алга жылсын.
Өмүрдүн гүлү эрте соолубасын
Оо, кудай атакем эч оорубасын
КАЙРЫЛУУ

Кайрылам Кыргыз калкыма,
Кулак сал биздей жарчыңа.
Кытай да баалап, чеп курган
Кыргыздын улуу даңкына.
Кылычтап коргоп мекенин,
Кылымдын бастык неченин.
Кылчайып көрсөң артыңа,
Кыраан Манас баш болуп,
Сап болуп эрлер камчыга.
Тектүү болгон хандары,
Тең карап келген жалпыга.
Акыры тизгин тапшырсак
Акылы, эси тайкыга,
Адаштырып түз жолдон,
Алпарды аска, кайкыга.
Аларга болду жардамчы,
“Алга, Кыргызстан” менен
Ары жок “Ак жол” партия.
Тың чыкса, киллер жалдашып,
Түгөттү биздин каймакты.
Максимге “баран” дегизип,
Мааратып элди айдатты.
Бурмалап шайлоо өткөрүп,
Букадай көзүн май басты.
Октон коркпос Кыргыздын
Ого эле жинин кайнатты.
Өтө чоң болду шерменде,
Өзгө элден жалдап көзгө атар,
Өзүнүн элин жайлатты.
Алмадай болгон жаш балдар
Айланып кетти шейитке.
Чындык деп курман болушту,
Чыгарсын кудай бейишке.
Ата-эне, туугандар тургай,
Ааламды салды кейишке.
Азыркы бийлик алгандар
Ак дилден иштеп беришсе,
Ок тийип каза тапкандар
Ошондо жетет жеңишке.
Көз салып турат Кыргызга
Көкжалдар Ата-Бейитте.
Мөмөлөй элек кезинде
Гүлдөшүп каза болушту.
Адилдикке чоңдорду
Үндөшүп каза болушту.
Жер менен кенди сатканды,
Казынаны уурдап качканды
Тилдешип каза болушту.
Дүнүйө жалган, боктугун,
Кепинде чөнтөк жоктугун
Үйрөтүп каза болушту.
Маданият министрлигин
Агенттик кылып ташташы,
Маданиятты жоготуу
Жөөттөрдүн болчу максаты.
Маданиятсыз эл болбойт,
Бул – өтө чоң маселе.
Тили, дили жок элди
Кул кылып алыш бат эле.
Бөлөктөр тепсеп бөркүңдү,
Бурмалап сулуу көркүңдү,
Батыштын басты туманы,
Баба мурас, кенчиңди.
Жүлүнүң тилип, өчүрдү
Жүрөктө жалын, өртүңдү.
Жигитти намыс өлтүрбөй,
Намысты жигит өлтүрдү.
Жыгылганды кордобойт
Акыл-эси жөн киши.
Кетип калган катынды
Жамандабайт эр киши.
Артынан жамандабаган
Кыргыздын улуулугунун белгиси.
Кыраакы, калыс башчыны
Кыргыздын келет көргүсү.
Эскилерди туурабай,
Эстүү болсо экен эмкиси.
Бакиев үчүн чердакта
Ырдагандар чыкты эле.
Көзү жакшы экен деп,
Сыйлагандар чыкты эле.
Түбүм еврей болот деп,
Жан жегендер чыкты эле.
Ажосун мактап Ак үйдөн,
Нан жегендер чыкты эле.

Телефондун ар бирин
Тыңдашкандар чыкты эле.
Омонду эмес, “Обонду”
Ырдаткандар чыкты эле.
Оң жагында он катын,
Сол жагында он катын.
“Обондорду” башкарган
Ортосунда чоң катын.
Бизнес кылып алышты,
Аянтта кылып соодасын.
Алаңды апчып жулушат,
Аткарбай койсоң дооматын.

Эне – бул үйдүн чырагы,
Үй жарык болсо бактың да.
Эне деген эң ыйык,
Чындык бар сүттөй ак мында.
Ал тургай,
Бейиш да калган эмеспи
Эненин таман астында.
Кыйкыргандар алиги,
Кызып алып ачкылга.
Энелик атты булгабай,
Элирбей үйдө жатсын да.
Көп чатак болуп кетпесин,
Көкөтөйдүн ашындай.
Татыктуу барсын кызматка,
Тааныш, тууган чакырбай.
Бир жарым миллиард кытайлар
Жашашып жатат чачылбай.
Үч миллион элди башкаруу
Оорбу сайдын ташындай.
Төрт айда бирден алмашып,
Төп келген мыйзам жазылбай.
Конституциябыз кор болду,
Көп эрден чыккан катындай.
Арабасын өлкөнүн,
Алдыга тартса үч Кыргыз.
Аркасын көздөй жылат да,
Артынан тартса жүз Кыргыз.
Сүйсө эгер чындап мекенин,
Сүйрөсүн алга бүт Кыргыз.
Куру убада, сөздөргө
Кулактын канды кужуру.
Тил эмес, колдун ишине
Көз суусап турган учуру.
Эл баштап атка мингендер
Эске алса экен ушуну.
Мурда,
Сүрдөнүп башын каткандар
Сүйлөй баштады эркектей.
Жайнады жалаң партия,
Жаздагы айгыр телпектей.
Кырчаңгы сүйлөй башташты
Калгандар мандат – жем жетпей.
Кырк ашы өтпөй балдардын,
Тиякта,
Кырылып жатат жер жетпей.
Чыныгы асыл жигиттер
Чын ажал тапты эл үчүн.
“Өлкөнү талап, жер бас!” – деп,
Өлгөн жок алар сен үчүн.
Баарыбызды жер жутат,
Бакыра бербе жер үчүн.
Наадандык кылып жатышат,
Намысы, ары кем үчүн.
Окко учуруп баласын,
Жоготуп бирөө агасын,
Кайгырып өлкө жатканда,
Кара жер – сенин талашың.
Макул дейли, ошол жер
Там салганга жарасын.
Кан жыттанган ал үйдө
Балаңды кантип багасың?
Кылмышстан баратат
Кыргызстанга жол салып.
Министрди мындай кой,
Муфтийге чейин кол салып.
Жетесиз мындай жол менен
Жете албайт өлкө алыска.
Чыр кыла бербей ар кимиң,
Чыгарбайлыбы калыс баа.
Жардам берели жаңы өкмөт
Жаңылбас жолду табышка.

Оорун колдон кармашып,

Жеңилин жерден алышса.

Аз калгансып баратат

Афганистан болуп калышка.

Кекенген бизге душман көп,

Келели калкым намыска.

Чоң державалар билгизбей,
Бири-бирибизге тукуруп.
Акчасын алса баары бир,
Акмактар жүрөт кутуруп.
Өзгө элдер бизге күйөбү,
Өлсө дейт кыргыз бузулуп.
Мамлекеттүүлүк бактысын
Албайлы калкым учуруп.
Кайрылам журтум баарыңа,
Калың эл: жашы, карыңа.
Өз чакаңарга сүт саабай,
Өлкөбүз үчүн саагыла.
Айланып калып жүрбөйлү
Улуттун душмандарына.
Милициялар тарапка,
Бурайын сөздүн өңүтүн.
“Айлыкты көтөргүлө” деп,
Булардын пикет кылганын
Биринчи жолу көрүшүм.
Кызматка келип ант берет,
Кыйынчылык күндө да,
Кылам деп кызмат эл үчүн.
Ошол антты унутуп,
Үрөйдү булар учурду.
Кылдын учунда турат өлкөбүз,
Азыр
Айлык дей турган учурбу?
Айтайын дагы өңгөнү,
Алтын эл нени көрбөдү.
Чагымчы, улут душманы
Түндүк-түштүк деп бөлгөнү.
Мамлекет үчүн пайдалуу,
Андайлар
Жашабай эле өлгөнү.
Бөйрөктөй болуп, Кыргызым,
“Бөлүнсөң бөрү жеп кетет.
Бөлүнүп калды Кыргыз деп,
Бөлөк элге кеп кетет”, –
Деп какшаган бабабыз
Бакайдын сөзүн эстесек.
Болбосо,
Беш манжа турат беш бөлөк,
Беттесе душман чыр кылат.
Жалгыздап турса күчү жок,
Жандаса зөөкүр тындырат.
Бешөөсү эгер бириксе,
Бир койгон жерин сындырат.
Эл башкарган эрендер,
Бектер жана берендер
Миң киши канын аянтка
Төгүшү менен келдиңер.
Сексен жети баланын
Өлүшү менен келдиңер.
Калкым деген бийликтин
Оңолорун эл билер.
Алкым деген бийликтин
Не болорун көрдүңөр.
Журтум деген бийликтин
Оңолоорун эл билер,
Кулкун деген бийликтин
Не болорун көрдүңөр.
Эл коргогон сакчылар,
Элин мыктап бакчулар,
Атпай журт жана башчылар,
Атка минер жакшыңар,
Эл бактысын тапчулар,
Соода борбор, дүкөндү
Соо койбой тоноп каччулар,
Кытайды жеңип алгансып,
Бирөөнүн жерин басчулар,
Бөлүнбөй кайра куралып,
Бир жеңден кол чыгарып,
Бир жакадан баш чыгар.
КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИНЕ

Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз өстүргөн сени, мени.

Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол кыргыздын жигиттери.
Токсон-тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.

среда, 16 января 2013 г.

Сказать: "Я люблю тебя" займет несколько секунд, показать как - всю жизнь.

даван мамлекети

Даван жөнүндө баян
Орто Азиялык мамлекеттердин жигердүүлүгү жана, баарынан мурда, Грек-Бактриянын калдыгын талкалаган кушан мамлекетинин түзүлүшү Фергананын баш көтөрүп чыгышына жардам берет. Анын Орто Азия жана Чыгыш Түркстан оазистерин өзүнө баш ийдирип алган, ошону менен Фергананын кошунасы болуп калган Кытайдын чектеринде алып турган орду чыгыштын улуу мамлекеттеринин көз жаздымында калган эмес. Грек-Бактрия падышачылыгы мезгилинде (б.з.ч. 250—140-жж.) анын жигердүү башкаруучуларынын бири, Эфтидем, сыягы, Фергана аркылуу болсо керек, Чыгышка басып кирүүгө аракет жасайт. Эмнеси болсо да, б.з.ч. III к эле Фергана Грек-Бактрия менен байланышта болуп турган. Бул жөнүндө ушул падышачылыктын, атап айтканда, Гелиоклдын тыйындарынын табылганы далил. Орто азиялык уруулар юечжилер менен гуннулардын ортосундагы күрөш Фергананы да күчтүү даражада солкулдатып кеткен. Б.з.ч. II к. Фергананы тянь-шандык уруулар — усундар жеңип алып, анын аймагында кушан мамлекетин түзөт, ал кийин Фергананын четинен алыс жаткан тышкаркы аймактарга тарайт. Кушандардын династиялык аталыштарынан биз Фергананы тянь-шандык басып алуучулар — усундардын уруулук атынын мыйзам ченемдүү өзгөрүүлөрүн байкай алабыз.
Фергананын олуттуу эл аралык ролу бар мамлекеттердин катарына кошулушу Кытайдын көңүлүн бурбай коймок эмес. Б.з.ч. 140—87-жж. Кытайды эң көрүнүктүү императорлордун бири — Ву-ди башкарып турган. Чыгыш Түркстанды жеңип алып, ал Орто Азиянын бай ээликтери аркылуу «Улуу жибек жолун» уюштуруу жөнүндө ар кандай камкордуктарды көрөт. Ушул максатта Чжан Цяндын саякаты уюштурулуп, ага Орто Азиянын өлкөлөрү аркылуу мүмкүн болуучу жолду чалгындоо, анын элдерин баяндап жазуу тапшырылат. Чжан Цянь Тянь-Шань менен Ферганага эки жолу: б.з.ч. 136—128-ж. жана 115-ж. келип кетет. Ал усундар жана Фергана жөнүндө бир кыйла толук баяндап жазат, мындан башка да, ал Орто Азиянын башка элдери жана мамлекеттери жөнүндо да бир катар маалыматтарды берет (кангүй, дася ж.б.). Анын кытай жылнаамаларында камтылып турган жазмалары чоң баалуулукка ээ, Даван жөнүндөгү жазган баяндары алда канча баалуу; Даван Таюани деп да окулат, кытайлар Фергананы ушундайча аташкан.
Чжан Цяндын баянында Фергана-Даван дыйканчылык маданияты, өндүрүшү жана коомдук мамилелери жогору өнүккөн өлкө катарында сүрөттөлөт. Б.з.ч. II кылымда Фергана, Чжан Цянь белгилегендей, эртерээктеги таптык коом болгон. Анын айтканы боюнча, Даван гуннулардын батышында, усундардын түштүк-батышында, каңгүйлөрдөн түштүк-чыгышта жана «чоң юечжилерден» чыгышта орун алып турган. Давандын тургундары отурукташкан турмушта жашап, дыйканчылык менен кесиптенишип, күрүч жана буудай эгишкен. Аларда жүзүм шарабы жана көптөгөн шаньма («мыкты жылкылар») болгон, ал жылкылар асман жылкылары деп аталган жылкынын (тяньма) тукумунан чыккан. Даванда бекемделген (жамааттык) конуштар (чэнго) жана жеке чарбактар (уши) болгон. Анда жетимишке чейин чоң жана кичине конуштар бар болуп, аларда бир нече жүз миңдеген адамдар жашаган. Калктын кураларагы жебелүү жаалардан жана найзалардан турган. Давандын тургундары атчан атышта чебер болушкан.
Чжан Цяндын маалыматтарын б.з.ч. II кылымдын эң акыры — I кылымдын башы ченге таандык башка даректер да олуттуу түрдө толуктайт.
Алардан биз Даванда жүзүмчүлүк кеңири өнүккөнүн билебиз. Байлар 10000 данга чейин шарап сакташары белгиленет. Дань (мүшөк) — суюктуктун кытай өлчөмү, — болжол менен 100 килограммга барабар. «Эски шарап, — деп кабарлайт текст, — бир нече ондогон жылдар бою бузулбай тура берет. Жылкы бедени (мусу) кандай жакшы көрсө, тургундары шарапты ошондой эле жакшы көрүшөт». Кытай б.з.ч. I к. жүзүм менен бедени, ошондой эле жылкынын ферганалык тукумун Ферганадан алган.
Кытай булактары билдиргендей, ферганалыктар өздөрүнүн сырткы бейнеси боюнча Орто Азиянын башка урууларынын өкүлдөрүнө окшош келип, «көзү чүңүрөкөй, сакалы калың болот». Алардын турмуш-тиричилигинде соода-сатык олуттуу орунду ээлеген, аялдары чоң урмат-сыйга ээ болушкан, — «аялы эмне айтса, аны эри аткарбай коё албайт». Ошол эле булактардын маалыматы боюнча ферганалыктар тыйынды, жибек менен лакты (б.а. кытай буюмдарын) билишкен эмес жана металлдан идиш жасай алышкан эмес.
Бул кыска маалыматтар археологиялык материалдар менен толукталып, такталышы мүмкүн, ошону менен эле бирге Даван мамлекетинин учурундагы Фергананын бейнесин калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет. Кытай булактары археологиялык маалыматтарды тактап жана ырастап гана турат.
Арийне, кытайлар биринчи кезекте өзүлөрүнө белгисиз болгон дыйканчылык өсүмдүктөрүнө (жүзүм менен беде) көңүл бурушкан, андан кийин алар кытайда кеңири тараган, бирок Фергананын тургундары үчүн мүнөздүү болбогон көрүнүштөргө көңүл бурушкан (лак, жибек, металлдын начар таралышы, акчанын жүгүртүлбөгөнү). Кытай булактарында эскерилген дань, сыягы, хумдар болсо керек, алардын орточо көлөмү чындыгында да 100 кг га жетет. Бул чоң идиштер антик авторлорунун да көңүлүн бурган, алар бул идиштерди жергиликтүү аталышы боюнча — «сир» деп аташкан. Бул эки — кытай жана антик булактарындагы камтылып турган, азык-түлүктөрдүн мол кору жөнүндөгү билдирүүлөр өндүрүштүн алда канча түшүмдүүлүгүн жана атап айтканда алмашуунун өнүгүшүнүн натыйжасында келип чыккан азык-түлүктөрдүн ашыкча корун сактоо үчүн пайда болгонун далилдеп турганы шексиз. Бул негизинен натуралай алмашуу болгон, анткени ферганалыктар акчаны билишкен эмес. Археологдор тарабынан көптөгөн хумдар жана жалпы эле ири идиштер көп табылды, булар жазма булактарда айтылгандарды ырастап турат.
Дыйканчылык менен катар Давандын экономикасында жарым-жартылай отурукташкан мал чарбачылыгы олуттуу орунду ээлеп турган. Бул ар түрдүү аталыштагы (шаньма, тяньма ж.б.) жылкылардын кымбат баалуу тукумун өстүрүү жөнүндөгү маалымат менен ырасталат. Мал табигый жайытта гана эмес, короодо, колдо да багылган, муну беденин көп айдалышы далилдейт. Жылкыларды багып өстүрүү ферганалыктардын турмушунда чоң роль ойногон. Даванда жылкы культунун жашап турганын Ош шаары чендеги Айрымач-Тоодогу жана Араван кыштагы чендеги аскалардагы сүрөттөр боюнча билсе болот. Жылкыларды аристей уруулары багып өстүрүшкөн. Бул Фергананын байыркы ордосу Эрши шаары чендеги (Анжыян облусу, Мархамат району, Мархамат кыштагы чендеги чалдыбар) аскадагы сүрөттөрдө чагылып калган. Эрши шаарынын аталышы аристей урууларынын кытайча аталышынын эле дал өзү. Арист-Эрши шаары өзүнүн жылкылары менен даңкы чыккан. Аристейлер Фергананын башка урууларындай эле скиф тегиндеги уруу болгон. Көчмөндөр менен мындай байланыш б.з.ч. II—I к. ферганалыктарда сакталып турган. Алардын «атчан атышта чебер келерин» Чжан Цянь да эскерген.
Ферганалыктардын өнүккөн экономикасы шаар турмушун өнүктүрүү үчүн негиз болгон. Ферганада шаардык типтеги айрым борборлор байыртан эле пайда болгон, Фергананын чек арасында, Ура-Төбөдө VI кылымда Кирополь, азыркы Ленинабад ченде IV кылымда Александрия Эсхат курулат, ушул күнгө чейин, Скифтик Антиохия табыла элек, туурасы аныктала элек, бул, сыягы, селевкиддердин тушунда курулса керек Баардык мына ушул шаарлар эл жашаган, байыркы ферганалык конуш жайларда курулганы шексиз. Экинчи кылымга карата, жогоруда көрсөтүлгөндөй, шаарлардын саны 70ке жеткен. Бул шаарлар дубал менен курчалган, бекемделген жамааттык турак жайлар болгон (гректер аларды эримата деп аташкан), алардын бир бөлүгү шаар тибиндеги конуш жайларга өсүп чыккан. Мындай шаардык конуш жайлар сырткысы (вайчэн) жана ичкиси (чжунчэн) болуп эки катар дубал менен курчалган, б.а. дубал менен экиге бөлүнгөн, алар байыркы мезгилде сепил жана шахристан деп аталган. Мүнөздүү бир нерсе, сепилдин орто кылымдарда тараган иранча аталышы «арк» Александр Македондуктун доорунда эле белгилүү болгон (Квит Куций). Сыягы, ички дубал дегенди антик авторлору тарабынан эскерилген арк-сепил деп түшүнүү керек окшойт. Конуш жайлардын мындай өнүккөн структурасына, баарынан мурда, Фергананын ордо шаары Эрши ээ болгон. Калыбы, ушундай эле структурага Давандын башка шаарлары, мисалы, биз Өзгөн менен окшоштуруп жүргөн Ю шаары да ээ болсо керек
Шаарлардын, атап айтканда, Эршинин урандыларын изилдөө көрсөткөндөй, конуш жайлардын көлөмү өтө ар түрдүү болгон. Эршиде «ички шаар» жакшы сакталган, сырткы дубалы азыркы Мархамат кыштагы курулганда бузулган. Эриш шаарынын борбордук бөлүгү 500×750 м келген тик бурчтуу дубалдар түзөт, алардын капталдары дүйнөнүн төрт бурчуна каратылган. Дубалдар жана аларды коргоочу мунаралар көлөмү 40x40x10 см келген ири чарчы кыштан тургузулган. Ички аянтта курулуштар дээрлик жок, анда боз үйлөр-чатырлар орун алып, мал кармалса керек. Чийки кыштан тургузулган айрым үйлөр гана ички аянттын бир аз гана бөлүгүн ээлеп турат. Коргонуучу дубалдардын ичинде көп сандагы турак үйлөр орун алган.
Даван тибиндеги ушуга эле окшош конуш жайлар Фергананын бир катар башка жерлеринде да белгилүү. Бирок, алар, эреже катарында, кийинчерээк тургузулгандыктан алардын адепки планын изилдеп-үйрөнүү мүмкүн эмес. Мисалы, байыркы Ю шаарынын тагдыры ушундай, ал байыркы гана эмес, орто кылымдардагы курулуштар менен кийинки катмарларынын астында калган. Байыркы, аздыр же көптүр бүтүн бойдон сакталып калган конуштардан Ош шаарынын жанындагы Чач-Дөбөнү, Каш-кар-кыштак шаар чалдыбарын белгилеп кетемин. Бир кыйла кечирээктеги калдыктардын астында калган давандык мезгилдин катмарлары Фергананын көптөгөн чөлкөмдөрүндө бар. Чач-Дөбөдө Эршидегидей эле окшош планды жана курулуштары жок ичи бош аянтты көрөбүз, бирок мындагы конуш жай көлөмү жагынан кичирээк келет. Кашкар-Кыштак шаар чалдыбарынын түштүк бөлүгүндө узунунан келген ири курулуштар ачылды. Сыягы, бул кытайлар «чэнго» деп атаган конуш жайдын тиби болсо керек. Конуштардын башка бир тибин кытайлар «уши» — б.а «өз алдынча турган жеке үйлөр — чарбактар деп аташкан. Мындай үйлөрдүн урандылары Ферганада өтө мол. Булардын диаметрлери ар түрдүү келип, 20 дан 100 м чейин, жапыз- дары — 1 ден 3 м чейин жетет, ал эми этектери жайылып кеткен дөңсөөлөр болсо — кыйраган чоң үйлөрдүн калдыктары. Бул дөңсөөлөрдүн үстүндө чопо идиштердин, жаргылчактардын жана башка тиричилик буюмдарынын көптөгөн сыныктары жатат. Карапа али одуракай, таш күкүмдөр жана шамот кошулуп, кол менен чапталып жасалган, бирок мурдагылардан жакшы иштелген. Түбү жумуру чөйчөктөр көбүрөөк. Сырты сары же кызыл ангоб менен жабылган. Кумура түрүндөгү идиштер менен хумдар сейрек учурайт. Көптөгөн көрүстөндөрдөн, айрыкча ферганалык каналдардын курулушунда, Наманган облусунун Чартак кыштагы ченде, Фергана облусунун чоң Кува көрүстөнүндө, Кокондун жанында жана башка көптөгөн жерлерде табылгандардын, тянь-шандык усундардын түбү жумуру идиштери менен окшоштугу ачык байкалат. Ушул эле көрүстөндөрдө скифтердин сабы кыска, үч кырдуу жебелеринин кечирээктеги тиби табылды, бул жергиликтүү калктын жааны пайдаланганын далилдейт, бул жогорто цитата келтирилген кытай булактары менен да ырасталып турат.
Көрүстөндөр, жалгыз турган үйлөр жана бекемделген конуштар тоо этектерине жакын жерде, негизинен Фергананын чакан тоо сууларынын жээктеринен орун алган. Тоолордон алыс турган мындай комплекстер Кара-Дарыя менен Сыр-Дарыянын ортолугундагы аймактарда бар экени белгиленди, анткени мында байыркы ферганалыктардын эгин талааларына суу чыгарууга ыңгайлуу болгон. Үйлөр топ-тобу менен, кээде, анчалык чоң эмес аянтта бир нече ондогон үйлөр жайгашып турган. Мисалы, Жылгын-Сай суусундагы, Кара-Үңкүр суусунун өрөөнүндөгү Акман ж.б. ушундай комплекстер. Даван тибиндеги конуштар негизинен түштүк жана чыгыш Фергана тарабында жатат, бул жерде дыйканчылык маданияты эртерээк пайда болуп, мында ал үчүн бир кыйла ыңгайлуу шарттар бар болгон. Башка сөз менен айтканда мындай конуштар байыркы аристей уруулары, мүмкүн парикандар да байырлап турган аймактарда өтө арбын кездешет. Бул үйлөргө караганда бекемделген шаар чалдыбарлары алда канча сейрек, муну түшүндүрүү оңой. Бекемделген конуштар өзүнчөлүү чептер болгон, негизинен согуш учурунда адамдарды, малды жашыруу үчүн пайдаланылган. Мындай бекемделген конуштарда үйлөрдүн урандыларындагыга караганда тиричилик буюмдары алда канча аз болуп чыкты, анткени мында негизинен адамдар дайыма эмес, убактылуу гана жашаган. Бул конуштар жамааттык-уруулук өзгөчөлүү чеп-конуштар болгон.
Даван доорундагы ферганалыктар таптык коомдун стадиясында жашап турушкан, бирок алардын мамлекетинин экономикасы чарбанын бир кыйла эртерээктеги формаларын жоюп жибере алган эмес. Айрым райондордун өз алдынча ээлери болгон шаарларды аксакалдар кеңеши башкарган. Шаар-мамлекеттер орто азиялык антик тибиндеги демократиялык башкаруунун эртерээктеги формасы болгон.
Фергана мурдагыдай эле жарым-жартылай отурукташкан мал багып өстүрүүчүлөр (пастухами-скотоводами) менен курчалып турган. Фергананын чыгышында хюсюнь уруулары жашаган. Алар чыгыш Ферганада гана эмес, Кетмен-Төбөнү жана Чаткал тоо кыркаларынын этектерин да мекендеп турушкан. Хюсюндарда жарым-жартылай отурукташкан конуштар бар экени белгиленген, алар Кетмен-Төбөдө таруу эгишкен, бул эрте быша тургандыгына байланыштуу (40 күндө бышып жетилген) көчмөндөр эге баштаган алгачкы дан өсүмдүгү болгон. Кетмен-Төбө хюсюнь урууларынын түпкү мекени болгон, тянь-шандык көчмөндөр дал ушул аймактан Ферганага басып киришкен. Хюсюнь аталышынан изилдөөчүлөр тянь-шандык усун урууларын, алардын батыш бутагынын аталышынын өзгөрүлгөн түрүн көрүшөт. Өздөрүнүн теги боюнча хюсюндар байыркы сактар менен байланышат.
Юйту өрөөнү деп аталган Алай өрөөнүндө уш уруулары жашаган, алардын аталышын азыркы Ош шаары сактап калган. Уш жана хюсюнь урууларынан түштүгүрөөктө кытайлар атагандай гюаньду же гюйми деген көп сандаган уруулар жашап турган, бул тоолук кумед урууларынын антикче аталышынын бир түрү болуп саналат.
Кумеддер Фергананын, мүмкүн Тохаристандын да күчтүү тасири астында турган. Кумеддер жарым-жартылай отурукташкан малчылар (пастухами-скотоводами) болгон, ошондой эле дыйканчылык жана аңчылык менен да шугулданышкан. Алардын Алайда (Кызыл-Коргон) жана Чоң-Алайда (Дароот-Коргон) жашоо-турмуштарынын издери табылды. Бул мезгилде алар скиф доорунун маданиятын жандандырышкан. Кытайлар бул урууларды, хюсюнь жана уш сыяктуу эле сак тегиндеги уруулар деп аташып, алардын көчмөн-усундар менен этнографиялык окшоштуктарын белгилешкен.
Ошентип, эгерде кытайлар ферганалыктарды Орто Азиянын байыркы отурукташкан калкы менен, баарынан мурда, Согдунун жана Бактриянын калкы менен салыштырышкан болсо, тоолук малчы калкты (пастушеское население) алар теги боюнча сактар жана усундар менен, б.а. Тянь-Шандын байыркы калкы менен байланыштырышат.
Кытай жана антик жазма булактарынын маалыматтары жана археологиялык материал боюнча аныкталган Давандын ушул белгилери б.з.ч. IV—II кылымдардагы Фергананы мүнөздөп турат. Бирок б.з.ч. II к. акырында жана I кылымда Фергана эки окуяга аны кытайлардын жеңип алышына жана чыгыш урууларынын кыймылына байланыштуу олуттуу өзгөрүүгө учурайт. Чжан Цянь Кытайга орто азиялык ээликтер жөнүндөгү кабарды жеткизгенден кийин кытай императору Ву-ди бул өлкөлөр менен өз ара элчилик байланыштар менен ыраазы болбой, аларды өз бийлигине баш ийдирүүнү жана «Улуу жибек жолун» уюштурууну чечет. Ушундай максат менен ал Чыгыш Түркстанды жеңип алууга, андан кийин Ферганага басып кирүүгө аракеттенет. Бул согуштук иш-чаранын башына гуннуларга каршы жортуулдарда даңкы чыккан, көрүнүктүү кол башчы Ли Гуан-Лини коёт. 121—119-жж. жолу болбогон гуннулар кытай аскерлерине өз планын ишке ашырууга тоскоолдук кыла алган эмес. Ли Гуан-Ли б.з.ч. 104—102-жж жана 101—99-жж. Ферганага эки жолу басып кирет. Биринчи жортуул ийгиликсиз аяктайт. Аскерлеринин олуттуу бөлүгүнөн жолдо ажырап калган Ли Гуан-Ли Ферганага жетишерлик аскер күчтөрүн алып келе албагандыктан ферганалык аскерлердин соккусу астында чегинип кетүүгө, өздөрү басып алган жападан жалгыз Ю шаарын кайра өткөрүп берүүгө аргасыз болот. Экинчи жүрүш Ли Гуан-ли үчүн бир кыйла ийгиликтүү аяктайт. Ал чыгыш шаары Юну (Өзгөндү) айланып өтүп, борбор шаар Эршини камоого алат. Согуштун жогоруда айтылып өткөн себептеринен башка да, кытайлардын бул согушту баштоого ферганалык жылкыларды алууга умтулуусу да түрткү болгон. Ферганалыктар өжөрлүк менен коргонушат, бирок акырында алардын борбор шаарын Ли Гуан-Ли курчоого алат. Кырк күн камалап тургандан кийин, кытайлар шаарга келүүчү сууну буруп жиберишип, тышкы дубалды бузуп киришкенде да, ферганалыктар өз падышасы Мугуа менен бирге ички шаарда каршылык көрсөтүшүп, каңгүй уруулары (Сыр-Дарыя) тараптан жардамга кол келип калабы деп күтүп турушат. Ферганалыктарда азык түлүктүн кору мол экенин, жана өзүлөрүн кудуктун суусу менен жабдый аларын билишкендиктен, кытайлар шаарды камалоону токтотушуп, давандыктар аларга кармап беришкен Мугуанын керт башы менен ыраазы болушуп, бир нече ондогон айгыр жана 3000 бээ алышат да, ферганалык атактуу тукумдан чыккан Моцай деген аксакалды өздөрүнүн акими кылып дайындашат. Ли Гуан-Линин армиясынын отрядарынын бири Ю шаарын алат. Бул жортуул кытай императору тарабынан жогору бааланып, ага катышкан аскерлерди марттык менен сыйлайт. Бирок кытайлардын Ферганадагы ийгиликтери бекемделген эмес болучу. Абдан эле шайы оогон кытай аскерлери кеткенден кийин (Кытайдан 60000 адам чыгып, анын 10000 ге жакыны гана кайтып келет, 30000 ат, 100000 өгүз, 10000 эшек, качыр жана төө болсо, 1000 гана жылкы кайтып келген) давандыктар Моцайды өлтүрүшүп, Мугуанын иниси Жишанды (башка бир булак боюнча Чаньфын) башчылыкка дайындашат, бирок тең укуктуу мамлекет катарында Кытай менен элчилик байланыштарын уланта беришет. Чаньфын Кытайга тяньма тукумундагы эки жуп жылкыны алман катарында жөнөтүп турат. Мындан башка да кытай элчилери бедени жана жүзүмдү алып кетишет.
Кытайдын жортуулдары Фергананы баш ийдире алган эмес. Ал өзүнүн өз алдынчалыгын сактап калат, бирок бул узакка созулбаса керек. Ошол эле б.з.ч. I кылымда ал өз алдынча мамлекет катарында Орто Азиянын саясый картасынан жок болуп кетет. Фергананы өзүнүн системасына кошуп алган жаңы күч пайда болот, ал күч кушан мамлекети болгон.

кыргызтан

Ысык-Көл – кыргыз бермети
Кыргыз элинин бермети – Ысык-Көл. Ал тоо арасында жайгашкан. Анын тарыхта түрлүү аттары сакталып калган. Ысык – Көл жылуу көл дегенди билдирет. Анын Туз – Көл деген да аты  болгон. Андан кийин Тимур – ту – Нор деп да аташкан. Бул темирлүү көл дегенди билдирген. Бир кезде Жыт-Көл деп да аташкан. Ысык-Көлдүн мындайча аталышы кокусунан болгон эмес. Ысык-Көл деңиз дегээлинен 1623 метр бийик жерде жайгашкан. Анын аянты 6124 чарчы километрди түзөт. Узундугу 182 километрге чейин жетет, туурасы 60 километрге барабар. Тереңдиги жагынан дүйнөдөгү Танганьика, Ньяса жана Байкал көлдөрүнөн кийинки төртүнчү орунда турат. Эң терең жери 700 метрден да ашыгыраак. Ысык-Көлгө 80ден ашык агын суу келип кошулат. Ысык-Көлгө жаздын келиши эң кызыктуу болот. Көл үстү түркүн сонундарды элестетет.               Мында кыштаган ак куулар, кызыл моюн өрдөктөр башка жакка кетишет. Анын ордуна сууда сүзүүчү башка канаттуулар пайда болот. Айрыкча каркыралардын канат сермеши кандай кызыктуу! Ал эми көз талдырган канат сермеген көк кытандарчы! Баардык келгин куштардын тобун карап отурса, көп нерселерди байкоого болот. Ошентип, Ысык-Көлгө 16 түрдүү келгин куштар учуп келишет. Уялар салышат, жумурткалашат, балапан чыгарышат. Ысык-Көл-эс алуучу жайдан башка да туризмдин борбору. Башка өлкөлөрдөн туристтер, альпинисттер жана саякатчылар келип турушат. Алар көлдүн кооздугуна, тунуктугуна, абанын тазалыгына суктанып кайтышат. Көлдө балык өстүрүүчү жана кармоочу чарбалар бар. Алар чабак, осман, маринка жана сазан сыяктуу көп балыктардын түрүн кармашат. Көл жээги жай мезгилинде өтө жандуу жана өтө кооз. Ар түрдүү ооруларды айыктыруучу Жети-Өгүз, Кой-Сары, Ысык-Көл, Ак-Суу сыяктуу курорттор – Ысык-Көлдө. Көлдүн климаты мелүүн, абасы таза, нымдуу. Ысык-Көлдүн туш тарабы тоолор менен курчалган. Күнгөй-Тескей Ала-Тоолору, аскасы асман тиреп, өзүнчө бир көрктүү. Ысык-Көлдү даңазалап акындар ыр жазышты. Жазуучулар тамшандырган көлөмдүү китептерди, уламыш, жомокторду жаратышты. Таланттуу акын Алыкул үчүн көл түгөнгүс тема болгон. Акын эргип, суктанып, көлдү сүйгөнүн, анын кереметин өзүнүн канаттуу ырларында көрсөтө билген.

дос жана тааныш

айлыгы менен атасын ызаламакчы болгон дүмбүл кара киши кеткен соң небереси буларды сурады: — Ата, биздин досторубуз барбы? Мамбеталы уулуна буларды баян этет:
— Ким эл камында жүрсө, ким акыйкат тарапта болсо, алар биздин досторубуз.
Небереси сез талашат:
— Баягыда бизди мейманга чакырып, сага кейнек кий-гизген кишичи?
Чоң атасы баланын көкүлүнен сылады:
— Уулум, алар биздин тааныштар…

макалдар

Кыргыз эл макалдары. А тамгасы 2-бөлүк 1000 макал

Айыгар дарттын дарысы өзү табылат.
Айыгар оорунун дарысы өзү табылат.
Айыгар оорунун табыбы өзү келет.
Айыгар оорунун ээси өзү келет.
Айың кеп — айылды иритет.
Айыл атаандашса — береке кирет, аңдышса — чыгаша чыгат.
Айыл байыса — жер байыйт.
Айыл башы болгончо, суу башы бол.
Айыл десе катын күлүк, үй десе уй күлүк.
Айыл жатканча отурсаң, күн батканча тынбассың.
Айыл ити ала болсо да, бөрү көрсө чогулат.
Айыл ити ала болсо да, карышкыр тийгенде биригет.
Айыл итинин куйругу чагарак.
Айыл конбой сырдаш болбойт, коно жаткан кепке тойбойт.
Айыл конгун чеченге, кебин туюп чечерге.
Айылга келген бөз арзан, оозго келген сөз арзан.
Айылдашың жакшы болсо, агайын — тууган не керек,
алган жарың жакшы болсо, атың, тонуң не керек.
Айылды алалык бузат, араны (достукту) каралык бузат.
Айылды карай аял күлүк, үйдү карай уй күлүк.
Айылчынын аягы ашта — тойдо тыйылат.
Айылчынын баласы «опаа» деп ыйлайт, уйкучунун
баласы «жатаа» деп ыйлайт, соргоктун баласы «мама» деп ыйлайт.
Айылы аралаштын кою короолош.
Айылы бүтүн аман жүрөт.
Айылы жакын иттин куйругу узун.
Айылың ала болсо, атың шала болот.
Айылында өлүм жок болсо, атаң кана?
Элиңде өлүм жок болсо, энең кана?
Айыпсыз аякка тикенек кирбейт.
Айыпсыз киши болбойт.
Айыпты айдаган билер, кунду кууган билер.
Ак асманды жаман деп, көктү кайдан табасың?
Ак саманды жаман деп, чөптү кайдан табасың?
Ак бар үйдө береке бар.
Ак барандын кундагын, ата албасаң сунбагын.
Ак буудайда айып жок, аны кылган зайып жок.
Ак жеринен айдамак, адал жерден кармамак, теңсиздик заман адаты.
Ак ийик десе жалт берген, ак талкан десе тап берген.
Ак ийилет — сынбайт.
Ак ийилет, кара сынат.
Ак ийилип, сынбайт.
Ак ит, кара ит — баары бир ит.
Ак иш үчүн ыйласа, азиз көздөн жаш чыгат.
Ак кажырга кузгун көөлүчү болсо, сагызган сайга той жасайт.
Ак калпактуу көрүнсө, атакем менин дебейминби.
Ак жоолукчан көрүнсө, энекем менин дебейминби.
Ак көңүл киши мурун айткандын тилине кирет.
Ак көңүлдүүнүн аты арыкчаал.
Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт.
Ак көңүлдүн аты арыбайт, тону тозбойт.
Ак көңүлдүн аты арыбайт.
Ак көңүлдөн арамдык чыкпайт.
Ак көрпө жайылдың, аты элге дайын.
Ак койдон аңкоо, боз койдон момун.
Ак менен кара жарышат, акка кудай болушат.
Ак ниет болсоң — жетерсиң муратка, арамдык кылсаң — каларсың уятка.
Ак ниеттин жүргөнү күлкү, арамзанын жүргөнү түлкү, таянганы мүлкү.
Ак ниеттүү адамга жамандык жабышпайт.
Ак ойлоп, адал иште.
Ак селделүү кожодон, ак жоолуктуу катын артык.
Ак сүт берген эненин, балада акы зор болот.
Ак сөз — акыл (ачык) сөз.
Ак сөз ак (калыс) жолго чыгат, кара сөз баткакка жыгат.
Ак сөз арыбайт, ак жүргөн киши карыбайт.
Ак сөз жолго чыгат, кара сөз баткакка жыгат.
Ак сооттун жакасы бар, жеңи жок, чын жакшынын ачуусу бар, кеги жок.
Ак төөнүн карды жарылганда.
Ак төөнүн карды жарылып жаткан убакыт.
Ак шумкарга ителги, табы менен теңелет.
Ак Эдилдин өзү болбосок да булагыбыз,
акылдуу баштын өзү болбосок да кулагыбыз.
Ак эмгек азаптан коргойт, карылык жолуңду торойт.
Ак эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.
Акак көркү берметте, азамат көркү эмгекте.
Акарат айтсаң, аёо күтпө.
Аке (уке) деген көңүлгө жакшы.
Акеңерди сыйлагандар үкөңөрдөн ызаат көрөсүңөр.
Акка кара жок, карага чара жок.
Акка кыл сынбайт.
Аккан абышка да «апаке» дептир.
Аккан арыктан суу агат.
Аккан суу арык табат.
Аккан сууда арам жок.
Аккелтенин огу урсун, ак милтенин чогу урсун.
Акма кулакка айтса болбойт, куйма кулакка айтса толбойт.
Акмак — акылдууну, мас — соону сүйбөйт.
Акмак — иттен илгери, кишилиги кийин.
Акмак арыбайт, көсөө карыбайт.
Акмак арыганын, көсөө карыганын билбейт.
Акмак баштан акылдуу ой чыкпайт.
Акмак бергенин билип, алганын билбейт.
Акмак да сүйлөгөнчө, акылдуу көрүнөт.
Акмак достон, акылдуу душман артык.
Акмак өзүн — эр ойлойт, аңгек өзүн – жер ойлойт.
Акмак өлүп коркутат, адам таарынып чоочутат.
Акмак тойго барса, үйүмдөн да жакшы экен дейт.
Акмак эл мени билбейт деп наалыса, акылдуу элди мен билбейм деп наалыйт.
Акмакка — келтек, акылдууга — ишарат.
Акмакка айткан кайран сөз.
Акмакка айтсаң укпайт, пайда кылсаң жукпайт.
Акмакка акыл айтсаң укпайт, пайда кылсаң жукпайт.
Акмакка ар күн той.
Акмакка да акыл азуу чыгат.
Акмактан акыл сураган, сокурдан жол сураганга тете.
Акмакты көрүп, акылдуулукка үйрөн.
Акмакты сыйласаң, абийириңди төгөт.
Акмактык — айыкпас дарт.
Акмактын айтканы келбей, тантыраганы келет.
Акмактын өмүрү — акылмандын бир күнүнө татыбайт.
Аксабаса ат кадыры билинбейт, ата өлбөсө аксакал кадыры билинбейт.
Ак — Кайдын башы жошо бол, атаң өлүп калыптыр, эмне болсоң ошо бол.
Аксак атка — чаң үйүр, арык атка — бала үйүр.
Аксак да асманды тепкиси келет.
Аксак ит соо иттен соогат сурайт. (Кокур иттен аксак ит соогат сурайт).
Аксак иттен сокур ит соогат сураптыр.
Аксак кой түштөн кийин маарайт.
Аксактын аягына (сабырына) кара, оорунун тамырына кара.
Аксактын аягына, оорунун тамырына кара.
Актын адамы күйбөйт, сактын залалы тийбейт.
Актын иши он болот, каранын иши кор болот.
Акча аябаган— көр соодагер, акча аяган — нак соодагер.
Акча сүйүп турган жерде, адилеттик ыйлап турат.
Акча сүйлөгөндө, акыйкат унчукпай калыптыр.
Акча тапкан бай эмес, акыл тапкан бай.
Акча шаар жерине жарашат.
Акчадан айрылсаң — күйүнөрсүң, ар — намыстан
айрылсаң — кантип басып жүрөсүң.
Акчалуу адам мөөр үстүндө, акчасыз адам көр үстүндө.
Акчалууга — базар, акчасызга — мазар.
Акчалуунун колу ойнойт, акчасыздын көзү ойнойт.
Акчасы болсо, акмак да төрө.
Акы төлөбөсөң, молдо үйүңө да кирбейт.
Акыйкат — тынчтыктын кербени.
Акыйкат деманда, шатысы червонда.
Акыйкат жеңет.
Акыйкат отко күйбөйт, сууга чөкпөйт.
Акыйкат сөзгө — арсыз жооп кайырат.
Акыйкаттын отун акмак өчүрө албайт.
Акыйкаттын отун эч ким өчүрө албайт.
Акыл — алтын, ой — күмүш.
Акыл — ардак, байлык — бакыт.
Акыл — баштан, асыл — таштан.
Акыл — деңизден терең, билим — тоодон бийик.
Акыл — жаштан, асыл — таштан (чыгат).
Акыл — тирүүдө урмат, өлгөндө — даңк.
Акыл — тозбогон тон, билим — түгөнбөгөн кенч.
Акыл азбайт, билим тозбойт.
Акыл азганда, сөз качат.
Акыл айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет.
Акыл ашса, жин болот.
Акыл байлыгы — азбас байлык.
Акыл байлыгы — тозбос байлык.
Акыл деген — алтын таажы, ар бир башка жарашпайт.
Акыл деген алтын тажы, ар бир башка жарашкан.
Акыл жетет, ал жетпейт.
Акыл жетсе да, кол жетпейт.
Акыл үч жолу кемийт: капалуу болгондо, уктабай
жүргөндө, курсак ачканда.
Акыл үч жолу толот: шат болгондо, уктагандан кийин, курсак тойгондо.
Акыл кеп өмүргө эшик ачат.
Акыл кичинелик — чоңдукта эмес.
Акыл көпкө жеткирет, өнөр көккө жеткирет.
Акыл конбогон жигитке, бакыт да конбойт.
Акыл менен билим эр адамдын сөөлөтү.
Акыл оошот, ырыс жугушат.
Акыл сөзү кыска, адилет сөзү ачуу.
Акыл сокурга көз, өлөсөгө жан, дудукка тил боло алат.
Акыл тоону бузат, баатыр жоону бузат.
Акыл учат, ырыс жугушат.
Акыл чачты жейт, алтын башты жейт.
Акылдан адашса, жин болот.
Акылдан айрылам десең, арак ич.
Акылдан жакын дос барбы, ачуудан жаман кас барбы.
Акылдашарың болбосо, бөркүң менен акылдаш.
Акылдашкан сагызган, айгыр алат.
Акылдуу акылы менен жарат, акмак күчү менен жарат.
Акылдуу атын мактайт, акылсыз катынын мактайт.
Акылдуу бала — элпек, акылсыз бала — тентек.
Акылдуу бир жылдыгын ойлосо, акмак бир күңдүгүн ойлойт.
Акылдуу бир сөздөн түшүнөт, акмакты түртмөйүнчө түшүнбөйт.
Акылдуу болсо алганың, кулпундуруп жакшы бак.
Акылсыз болсо алганың, көп узатпай эбин тап.
Акылдуу жаңылса, өзүн жемелейт, акмак жаңылса, жолдошун жемелейт.
Акылдуу ишине ишенет, акмак түшүнө ишенет.
Акылдуу карыя — агып жаткан дарыя.
Акылдуу касыңдан коркпой, акмак досуңдан корк.
Акылдуу ката кетирсе, өзүн жемелейт; акылсыз (же
акмак) ката кетирсе, жолдошун жемелейт.
Акылдуу киши ылдам айтканды билет, акылы жок муштаганды да билбейт.
Акылдуу көөдөнүн көтөргөнчө, акылсыз муштумун көтөрөт.
Акылдуу мактанса ишти тындырат, акмак мактанса бутун сындырат.
Акылдуу менен арбашба, алдуу менен кармашба.
Акылдуу миң азаптан кутулат, акылсыз бир азапка тутулат.
Акылдуу отко карайт, акмак казанга карайт.
Акылдуу сөз чыкпаса — улуулуктан не пайда,
Жулунуп турса сумсайып — сулуулуктан не пайда?
Акылдуу тоону томкорсо, акылсыз элди омкорот.
Акылдуу ууру айлын тонобойт.
Акылдуу ууру өз айылын тонобойт.
Акылдуу чындык калптан кийин сүйлөөгө тийиш.
Акылдуу элге тартат, акмак тууганына тартат.
(Эстүү — көпчүл, эселек — кекчил).
Акылдууга айткан сөз колго конгон кушка тең.
Акылдуудан башчың болсо, адашпайсың.
Акылдуулар сөз алышат, акылсыздар өч алышат.
Акылдуулардын кастыгы, акмактардын достугунан артык.
Акылдуунун алды менен жүр, акмактын арты менен жүр.
Акылдуунун алдына акмакты ээрчитип барба.
Акылдуунун иши дагы акылдуу, билимсиз жан баалай албайт акылды.
Акылдуунун өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
Акылдуунун сөзү кыска, айта салса — нуска.
Акылды акылмандан сура.
Акылды сакал менен өлчөбөйт.
Акылды шайтан азгырат.
Акылдын азы айып, чачтын агы айып эмес.
Акылдын душмандыгы жок.
Акылдын өбөгү билим, жөлөгү тажрыйба.
Акылдын көзүндөй тунук бол, акындын сөзүндөй сылык бол.
Акылдын сөзү — сокурдун көзү.
Акыл—жаш уландан, күлүк — тай, куландан.
Акылман баштаса — төргө,
акмак баштаса — көргө.
Акылман билги өлсө — журт акылсыз, эр кол башчы өлсө — кол жетим.
Акылман кебине таянат, азамат элине таянат.
Акылмандык бар жерде, акыйкаттык бар, жалгандык жок.
Акылмандын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
Акылмандын өрнөк болор насааты бар, акмактын өрнөк болор неси бар?
Акылмандын уга турганы арбын, айта турганы аз.
Акылсыз — атасын акмалайт.
Акылсыз (акмак) достон, акылдуу душман (жат) артык.
Акылсыз арам сөзгө семирет.
Акылсыз баатыр чорго чабат.
Акылсыз болсо алганың, айыкбас дартка калганың.
Акылсыз достон, акылдуу душман (жат) артык.
Акылсыз — какшык сөзгө жакын келет.
Акылсыз күч — арсыз араба.
Акылсызга айткан кеп — дайынсыз аткан ок.
Акылсыздын мээси жок, карыганча эси жок.
Акылсыздын тоюнда болгуча, акылмандын оюнда бол.
Акылы аздын азабы көп.
Акылы бар билимди самайт, акылы жок эмнени самайт.
Акылы жетсе, атаны уул билет.
Акылы жок көпкөн, бир ажалы көптөн.
Акылы жок наадандар ак жолунан адашкан.
Акылы жок ойлонгуча, акылдуу карап турмак беле.
Акылы жок— уйкучу, санаасы жок— күлкүчү.
Акылы жок чыр сүйөт, обону бар ыр сүйөт.
Акылы жокко акча токтобойт.
Акылы жокко убал жок.
Акылы жоктун байлыгы да жок, бактысы да жок.
Акылы кем алангазарга киши акылы эм болбойт.
Акылың болсо азамат, аштык айдап баккын мал,
«айдай келге» ишенбей, бастырып барып көзүң сал.
Акылың болсо азамат, аштык айдап, баккын мал.
Акылың көп болуп, ачууң аз болсо — зор болорсуң,
душманың көп болуп, досуң аз болсо — кор болорсуң.
Акылыңдан адашсаң — эмгек менен дарылан.
Акылым жок деп ким айтат, эсим жок деп бары айтат.
Акындын издегени ыр, акмактын издегени чыр.
Акыны болбой эл болбойт, эсеби болбой мал болбойт.
Акыр заман аттан ажыраган жерде тура.
Акыркы ашка каскак түшөт.
Акыркы күлгөндүн арманы жок.
Акыркы төөнүн — жүгү оор.
Акырын айтсаң, алсыз дейт, айтпай койсоң, арсыз дейт.
Акырын баскан — аксабайт.
Акырын баскан молдодон сактан, ала чапан кожодон сактан.
Акырын басса «аксак» дейт, катуу басса «таскак» дейт.
Акырын бассаң — аксак, катуу бассаң — таскак.
Ал, ал сени, ал сени, жаманды жакшы кылган мал сени!
Жакшыны жаман кылган мал сени!
Ала албаган куштан, ала моюн чымчык артык.
Ала албаса түлкүнү, айландырып, башка чап.
Ала байтал акылың болсо сууга тарт.
Ала бата шорго бүтөт, акмакка да сакал бүтөт.
Ала жылкы жоголбойт, арамза адам оңолбойт.
Ала жылкы жоголбойт, арамзаада оңолбойт.
Ала каптын кагынчык, аңдыгандын жаны чык.
Ала караган алыска барбайт.
Ала карга сагызган кош канаты кайышкан.
Ала карганы адал десе, бир чалымы бок татыйт.
Ала карганы алты жыл борго байласа да, бир чалымы жин татыйт.
Ала карганы алты жылы байласа да, бир чалымы
тезек татыйт (тезек чокуганын койбойт).
Ала карганы атынан чакырат.
Ала көөдөк болбосо, анын эмнеси баатыр.
Ала көөдөн курсагы тойсо көбөт.
Ала койду бөлө кырккан жүнгө жарыбайт.
Ала кушту атынан тааны (же чакыр).
Ала табак бай жаман, суу акпаган сай жаман.
Ала тонуңду аңтара кийбе.
Алабата шорго бүтөт, акмакка сакал бүтөт.
Алайкууда да кат тааныган адамдар бар.
«Алайын» деп жутунба, ач көздүктүн белгиси,
«жутайын» деп умтулба, журт бузаардын белгиси.
Алайын десем, алдырбасы алдырбайт,
барайын десем бардырбасы бардырбайт.
Алакандай бейишти молдо менен кожо алды.
Алалаган ашыңды, каапыр алсын башыңды.
Аланын изин баспа.
Аларманга алтоо аз, берерманга бешөө көп.
Аласа — арстан, бересе — чычкан.
Аласалуу доодон коркпойт, ашык болгон өлүмдөн коркпойт.
Алатоонун тамыры айылдан башталат.
Албаган алигиңиз үчүн бизге салам айтаарсыз.
Албаган куштан ала моюн чымчык (жакшы) артык.
Албан —албан күлүк бар, алына карай жүгүрөт.
Алчаны аким жеди, таякты жетим жеди.
Албарстыны койнуңда ойнотсоң, ал төшүңө чыгат.
Алга баскан — арткыларга көпүрө.
Алга баскан алат, артка баскан калат.
Алга бир карасаң, артка беш кара.
Алга жылган — ашуу ашат.
Алгайынан чалгайы көп.
Алган алтоо болбойт, жеген жетөө болбойт.
Алган жарың жаман деп, ашканды кайдан табасың?!
Алган колдон берген кол — март.
Алган эри жарашса, кара катын ак болот.
Алган эри жарашса, кара катын ак болот, баккан
ээси жарашса, кара күчүк сак болот.
Алган эрим сен болсоң, көргөн күнүм не болот?
Алганга алтоо аз, бергенге бешөө көп.
Алгандын бермейи бар.
Алгандын да — бергени болот (бар), ичкендин да —
кусканы (чычканы) болот (бар), чыккандын да түшкөнү болот (бар).
Алганы болот бергендин, атканы болот мергендин.
Алганың жакшы болсо, аргымак минип дуулаарсың,
Алганың жаман болсо, азабын тартып куураарсың.
Алганың жакшы болсо, жакаң агарат, алганың жаман болсо, сакалың агарат.
Алганың жакшы болсо, табылат акылың, келе берет жакының.
Алганың жаман болгон соң, абийириң кайдан жабылат.
Алганың жаман болсо, суук сөз угуп күйөсүң,
алганың жакшы болсо, бал сөзүн угуп сүйөсүң.
Алганың жаман болсо, чабылат акылың, кас болот жакының.
Алганың көөнүн кирдетпе, «атаң» деп бизди тилдетпе.
Алганың сулуу болгон соң, аркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда.
Алганыңа сүйүнбө, ардагына сүйүн.
Алганын бербегенди, кудайдын каары дейт.
Алгың келсе түшүм, алдын ала күтүн.
Алгыр болсо тайганың, алтындан алып каргы так,
ала албаса түлкүнү айлансын аштан, башка чап.
Алгыр куштан ашам деп, ала карга шашыптыр.
Алгыр кушту алып келип кууга сал, акылың болсо
азамат, аштык айдап, баккын мал.
Алгыр кушту мүнүшкөр, жакшы багып кушка сал.
Алгырдын зорун — шер дейбиз, азамат зорун — эр дейбиз.
Алдабаса, капкан да чаппайт.
Алдабасаң, сата албайсың.
Алдаганга кудай жакшы.
Алдаганды билбеген, алда кандай баабедин?
Алдамчы мураска жетпейт.
Алдамчыга жаза көп.
Алданын буйругу чачтан көп, аны кылган киши жок.
Алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты.
Алдуулар азуусун айга жанышат, алсыздарды канга (шорго) малышат.
Алдыга айткан сөз арзан, айылга саткан бөз арзан.
Алдыга өбөк, аркага жөлөк.
Алдыңа аш келсе, атаңдын кунунан кеч.
Алдыңа баш ийип азамат келсе, эр кунун кеч.
Алдыңа келсе (түшсө), атаңдын кунун кеч.
Алдыңа түшсө, атаңдын кунун кеч.
Алдыңкы көч кайда барса, кийинки көч да ошол жакка барат.
Алдыңкы көчтүн адашканын кийинки көч билет.
Алдыңкы туяктын изин, арткы туяк басат.
Алдыңкынын адашканын арткы (киши) билет.
Алдым, жуттум дос күтсөң, кубанычың аз болоор.
Алдын көр, аркасын жар торойт.
Алдынкы көч кайда барса, кийинки көч да ошол жакка барат.
Алдынкы көчтүн адашканын кийинки көч билет.
Алдынкынын адашканын арткы киши билет.
Алдыраар күнү — жаздыраар.
Алдырган бир киши, уурусу миң киши.
Алдырар күнү — жазгырар.
Алдырган апасынын койнун ачат.
Алжаке кызга — жалжаке күйөө.
Алжаке эркекке жалжаке катын туш келет.
Алжакенин сөзүнө, калжаке киши ишенет.
Алкы бузук кыныкса, ат тезегин кургатпайт.
Алкы бузук молдонун, селдесине чок түшөт.
Алкы жаман айтта өлөр.
Алкы жамандын арты жаман.
Алкы кеткен тамакты сүйөт.
Алкың бузулбаса, аяктагы аш алты кишини тойгузат.
Алкымына алы жетпеген, күл челген бука баштанаар.
Алкыш кетпесин, каргыш жетпесин.
Алладан акыл күтпө.
Алладан буйруксуз кумурсканын бели сынбайт имиш.
Алма башка жетем деп, чалма башка кезикти.
Алма быш — оозума түш.
Алма сабагынан алыс түшпөйт.
Алма этектен алам деп, чалма этектен айрылдым.
Алма этекти аламын деп, чалма этектен куру калдым.
Алмактын бермеги бар.
Алманы аким жеди, таякты жетим жеди.
Алманын агынан көгү, жамандын барынан жогу.
Алп — чабышта, чечен — сөздө (сыналат).
Алп адагы (соңу) Ормотой, тулпар адагы Тайтору.
Алпты жеңген баатыр эмес, ачууну жеңген баатыр.
Алптын тизе бүккөнү — өлгөнү.
Алса кыргый алат, өлсө торгой өлөт.
Алсаң, берээриңди унутпа.
Алсам — бербесем, жан берсем — өлбөсөм.
Алсызды жөлөгөнүң — ырыска бөлөгөнүң.
Алсыздын кылычы — арыз.
Алсыздын тили алты кулач.
Алтай менен Култайга, жалчы жүрдүм бир тайга.
Алар ашка жарытпайт, мен иш бүтүрүп марытпайм.
Алтооң ала болсоң, алдыңдагыны алдырасың.
Алты ай таптасаң да, карганын иши карга.
Алты жашар бала атка минсе, алтымыштагы чал алдынан чыгаар.
Алты жашар бала атка минсе, алтымыштагы чал салам берет.
Алты өлөңүм бек болсо, атым туйлап не кылат,
алганым өзүм деген сон, элим (кээде абысын) айтып не кылат.
Алты катын азага барса (же келсе), ар кимиси өз муңун айтат.
Алты катын азага барса (келсе), ар кимиси өз
арманын (же дартын) айтат.
Алты күн ачка калсаң да атаңды сыйла!
Алты саны аманда, жер караган оңоорбу!
Абийири мүлдө төгүлсө, эл караган оңоорбу!
Алты уулдуу кишинин, алты өрүштө малы бар.
Төрт уулдуу кишинин, төрт өрөөндө малы бар.
Эки уулдуу кишинин өлөөр — өлбөс жаны бар.
Алтыга алып, бешке сат, атың болсун соодагер.
Алтыга сатып, бешке алган соодагердин адаты.
Алтымыш күн атан болуп жүргөнчө, алты күн буура болуп зиркилде.
Алтымыш менен жетимиш абышканын курагы.
Алтымышка барганда аркандаган аттайсың,
«алганым тилдеп койду» деп, кимге барып даттайсың.
Алтымышка чыккан адамды, алыс жолго жибербе.
Алтымышка чыккан атаңды алыс жолго жибербе.
Алтымышта атаңдын, алдап соолап күчүн ал.
Алтын — жерден, баатыр — элден (чыгат).
Алтын акпайт, күмүш күйбөйт.
Алтын алба, алкыш ал.
Алтын байлык эмес, акыл — байлык.
Алтын баш аман болсо, жокчулук эмне кылат.
Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык.
Алтын дат болбойт, жакшы жат болбойт.
Алтын жерде калбайт, жакшы жолдо калбайт.
Алтын жерден чыгатБаатыр элден чыгат.
Алтын жерден чыккан байлык болсо, акыл элден чыккан байлык.
Алтын казына акыл казынага жетпейт.
Алтын күмүштү байлык туткан киши башын жолдо
калтырар, баба сөзүн улаган кишинин орду төрдө болор.
Алтын көрсө, бериште да жолдон чыгат.
Алтын менен күмүштү, зергер үчүн жараткан,
аркар менен кулжаны, мерген үчүн жараткан.
Алтын така, жез така, байчечекей тербесең, ай тийбеген жер капа.
Алтын тапса, түйөргө түйүнчөк таппайт.
Алтын чирибейт, акыл азбайт.
Алтын чирибейт.
Алтын чыккан жер кадырлуу, калыс жүргөн эр кадырлуу.
Алтын чыккан жеринде калат.
Алтын ээр ак кабак, атка жайы болбосо, алтынын алып отко жак.
Аяшар тууган болбосо, акырын сүйлөп жатка жак.
Күмүш ээр ак кабак, күмүшкө жайы болбосо, күмүшүн алып отко жак.
Күйүшөр тууган болбосо, күлө багып жатка жак.
Алтындуу ээр ак канкы, атка тынчы болбосо, алтынын алып отко жак.
Алтынды ала билген бөлө да билет.
Алтынды билүү — оңой, адамды билүү — кыйын.
Алтынды дат баспайт.
Алтынды жыйган сен болдуң, азапты тарткан мен болдум.
Күмүштү жыйган сен болдуң, күйүттү тарткан мен болдум.
Алтынды көрүп, байгамбар да жолдон чыгыптыр.
Алтынды орогон менен жез болбойт, жибекти
орогон менен бөз болбойт.
Алтынды чыккан жеринен каз!
Алтынды эрите албаган иритер, терини ашата албаган чиритер.
Алтынды эрите билбеген иритер, терини ашата билбеген чиритер.
Алтындын баасын зергер билет.
Алтын — күмүш таш экен, арпа — буудай аш экен.
Алуучу болбосо — сатуучу кор болот.
Алы жетпеген — акыретчил, колу жетпеген — кордоочул (же кудайчыл).
Алы жетпеген аракетчил, колунан келбеген ушакчыл.
Алыбек алыңды кара, маңдайыңдагы чарыгыңды кара.
Алыбек алына жараша.
Алың аке, алың, сергий түшсүн жаның.
Алың, алың дегенче, алты соодагер өлүптүр.
Алын билбеген — алек.
Алын билбеген, алекке түшөт (алек).
Алып келсем көрөсүң, күлүп жатып өлөсүң.
Алыс жерден куда күтсөң — артынчактап аш
келер, жакын жерден куда күтсөң — түрдүү ушак сөз келер.
Алыс жерге куда болсоң артынчактап аш келээр.
Жакын жерге куда болсоң, түрдүү ушак сөз келээр.
Алыс жол атты сынайт.
Алыс жол атты сынайт, оор күн эрди сынайт.
Алыс карма балаңды, аңга чалыш бекерден.
Алыскы достон, жакынкы кас артык.
Алыскынын аты озгуча айылдаштын тайы озсун.
Алыскынын аты чыкканча, короолоштун кою озсун.
Алыста болсо кишенешкен, жакында болсо тиштешкен.
Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн дос жаман.
Алыстагы душмандан, кашындагы кас жаман.
Алыстагы олуядан, жакындагы манайык артык.
Алыстагы туугандан жакындагы коңшу артык.
Алысты жакын кылган алака.
Алысты жакын кылган кыз, тамакты таттуу кылган туз.
Алысты жакындаткан — ат,
жакынды алыстаткан — жат.
Алыш — бериш (келиш — кетиш) туугандыктын
белгиси, уруш — кериш душмандыктын белгиси.
Алышканда күчү жеткендин, айтышканда кеби өтөт (күчү кетет).
Алышканда күчү жетпегендин, айтышканда кеби өтөт.
Алышыңды бек байла, жардап кетсе суу бербейт.
Жарыкта малың көздөп (жыйнап) ал, караңгы кирсе көз жетпейт.
Амал ашынса — уу.
Амалдуу аңчыга ажалдуу кийик жолугат.
Амалкөйдү ашынам дебе, ач көз байды кошунам дебе.
Амалкөйдү ашынам дебе, ач көздү кошунам дебе.
Амалын тапкан ажалдан кутулат.
Аман болсо башым, дагы эле чыгар чачым.
Аман болсо бул башым, дагы бир чыгаар бул чачым.
Аман болсун бу башым, дагы эле чыгар бу чачым.
Аманат жанга өлүм ак.
Аманатка кыянат кылбайт.
Аманчылык жамандыкты жеңет.
Ана катын мас болсо, беш көкүл менен урушат.
Анжиянда акем бар, ал да мендей пекене.
Үрүмчүдө үкөм бар, ал да мендей пекене.
Анжиянда суур семиз десе Бээжиндеги калмак тамшанган экен.
Ант берсең, актай бил.
Антар атка бир санат, учар кушка бир канат.
Аргымак, айгыр кече албас, агын суудан кечмек бар.
Анык чечен — акындар жазгы жамгырдай.
Анык чечен акындар, жазгы жааган жамгырдай.
Аныккандан каныккан ууру болот, оолуккандан соолуккан жинди болот.
Аңга жетпес ашыңды, айылдаштан аяба.
Аңгек өзүн жер ойлойт, акмак өзүн эр ойлойт.
Аңгек өзүн жер ойлойт, ар ким өзүн эр ойлойт.
Аңгектен качсаң — дөңгөккө, дөңгөктөн качсаң — сөңгөккө.
Аңгеме музоо эмизер, музоо таяк жегизер.
Аңдабаган төө көрбөйт.
Аңдабаган төөнү да көрбөйт.
Аңдабай сүйлөгөн оорубай өлөр.
Аңдабай түштүм чуңкурга, эми мага сай кайда.
Аңдап турсаң акылдуунун сөзү пул болот.
Аңдуучуну аңдоочу жеңет.
Аңдыган — алат, аңтарган — табат.
Аңдыганга, аңкоо көрүн.
Аңдышкан айыл болбойт, сатуулашкан дос болбойт.
Аңдышкан айыл конбойт, эсептешкен дос болбойт.
Аңдышкан эл болбойт, эсептешкен коңшу болбойт.
Аңкир — мүңкүрүндү коюп, келе бери бир атым насыбай.
Аңкоо азаптан, кайсар мазактан кутулбайт.
Аңкоо бала атасына асылат, аңкоо кыз энесин коркутат.
Аңкоонун эч нерседен кабары жок, жалкоонун эч нерсени табаары жок.
Аңыздуу жерде ат өлбөйт, бозмаштуу жерде бото өлбөйт.
Аңыр (карга, күйкө, чымчык) өзүн куш ойлойт,
Аңыр өзүн куш ойлойт, ар ким өзүн киши ойлойт.
Апендинин коёнунун сорпосунун сорпосундай,
Аппак карда көп жүрсөң, көзүң бир күн карыгат.
Алыс жерде көп жүрсөң, көңүлүң бир күн тарыгат.
Апылайдын чайындай түгөнбөгөн.
Ар адамда бир кыял, ал кыялды ким тыяр.
Ар бир адам Мекенин сүйөт, соодагер бекерин сүйөт.
Ар бир адамдын киндик каны тамган жер—Мисир.
Ар бир башта миң кыял.
Ар бир жердин түлкүсүн өзүнүн уучусу ууласын.
Ар бир ит — өз короосунда кожо.
Ар дарттын бир дабасы бар.
Ар жемиштин данеги өз сөөгүндө сакталат.
Ар жердин корозу бирдей кыйкырат.
Ар заманда бир чукулдай.
Ар ит өз короосунда арстансыйт.
Ар иште — эстүү болуу керек, акылдуу өз ишинен убай көрөт.
Ар өзүн эр ойлойт.
Ар ким — сүйгөнүнүн кулу.
Ар ким бары менен базардайт.
Ар ким ич оорусун өзү билет.
Ар ким өз бейилинен табат.
Ар ким өз боюна карап киет.
Ар ким өз үйүндө кан.
Ар ким өз камында, кары кыз эр камында.
Ар ким өз көмөчүнө күл тартат.
Ар ким өз сөзүнөн сындалат.
Ар ким өзүн киши ойлойт.
Ар ким өзүн эр ойлойт.
Ар ким кычышкан жерин өзү билет.
Ар ким кычышкан жерин кашыйт.
Ар ким пейлинен табат.
Ар кимге өз жаны кымбат.
Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр?
Ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө.
Ар кимдин жүргөн жери мисир.
Ар кимдин өз жүгү өзүнө чак.
Ар кимдин көргөн жери өзүнө мисир.
Ар кимдин тилеги өзүнө чоң.
Ар кимдин туулган жери — Мисир.
Ар кимдин убайымы өз башында.
Ар кимдин эри өзүнө мырза, ар кимдин зайыбы өзүнө каныша.
Ар кызыктын башы бар.
Ар нерсе учурунда сонун.
Ар немеге бир неме.
Ар нерсе өз тушунда кымбат.
Ар нерсе өз чегинен чыкса, арты өкүнүчтүү болот.
Ар нерсенин орду болоор, көрбөгөн жер сонун
болоорЖышааналуу эр жигиттин, кайда жүрсө жолу болоор.
Ар убакта чынчыл бол, калк ишенет кебиңе.
Ар чөп өз тамыры менен күн көрөт.
Ар ылдыйдын өрү бар.
Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн.
Арабаны ат тартат, көлөкөсүн ит тартат.
Арабаны көрдүм арманым жок.
Арадагы акмак — туурадагы токмок.
Арадай жерге чарадай жыйын.
Араздашуудан кийинки таттуулук халбадан да таттуу.
Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле,
айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле.
Арак адамды мээримдүү кылып элжиретип, зөөкүр кылып келжиретип коёт.
Арак арды аздырат, барды тоздурат.
Арак дудукту да сайратат.
Арак ичкен тойдо мас, акылы жок күндө мас.
Арак ичкендин акылы жоор.
Арак масы келе жатса, качпа, мал масы келе жатса кач.
Аракет кылса, береке болот.
Аракет кылсаң — берекет.
Аракети көп, берекеси жок.
Аракетсиз үмүт — мөмөсүз дарактай.
Аракеттен адат жаралат, адаттан мүнөз, мүнөздөн тагдыр жаралат.
Аракка кандым дегиче, азапка калдым дегин.
Арактын кулу болгонуң, абийириңден куру болгонуң.
Аралдагы чөптү мал жебейт.
Арам айтып, максатка жетпейт.
Арам алдаганга устат, сынчы талдаганга устат.
Арам жеген бура баспайт.
Арам өлсө ит менен кушка жем.
Арам санаа болбогун, алгандан алтоо болбойсуң.
Эл эмгегин жебегин, жегенден жетөө болбойсуң.
Арам тамак аш болбойт.
Арамга — адал, жакшыга — жаман, ыйыкка —
бузук тизгиндеш бу дүйнөдө.
Арамдан алган төөдөн, адалдан алган улак артык.
Арамдыктан алыс болсоң, колдон келбес жакшылык жок.
Арамдын тамыры бир, адалдын тамыры миң.
Арамдын түбү бир тамыр, адалдын түбү миң тамыр.
Арамза жылмайса, алдаганга тете.
Арамзаада эл бузар, айкын жерди сел бузар.
Арамзаны аңдыган билет.
Арамзанын карды тойбойт, ач көздүн көзү тойбойт.
Арамзанын куйругу бир (алты) тутам.
Арамзанын укуругу кыска, акылмандын сөзү нуска.
Арамзанын этеги узарбайт.
Арачыга алты таяк.
Арбасаң да, каргасаң да, отко, чокко кармасаң да, үмүт — өлбөйт, карыбайт.
Арбашкан — алышат, кагышкан — кармашат.
Аргасыз кулдук кылгандын, кеги ичинде калат.
Аргасыз кулдук эткендин ичинде кеги калат, аны бир күнү алат.
Аргымак аттын куйругу, бирде жибек, бирде кыл.
Эр жигиттин белгиси, бирде мырза, бирде кул.
Аргымак жыйдым, ат жыйдым, айланып кетсин буудандан.
Адашкан жыйып эл кылдым, айланып кетсин туугандан.
Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет.
Аргымак тандап ат жыйдым, буудан болуп бербеди,
азамат тандап дос жыйдым, тууган болуп бербеди.
Аргымак чапкандан өлбөйт, таптагандан өлөт.
Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың.
Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың.
Аргымакты жаман деп, жолго таштап кетпегин,
азаматты жаман деп, жоого таштап кетпегин.
Аргымактын азганы — аркы —терки басканы,
азаматтын азганы — көчкөндө жөө басканы.
Аргымактын жакшысы — азыраак оттоп, көп
жуушайт, азаматтын жакшысы— азыраак сүйлөп, көп тыңдайт.
Аргымактын жакшысы — чапса күлүк, сатса пул,
азаматтын жакшысы — бирде мырза, бирде кул.
Аргымактын жакшысы (белгиси), азыраак оттоп көп жуушайт.
Азаматтын жакшысы (белгиси), азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.
Аргымактын жакшысы чапса — күлүк, сатса — бул.
Аргымактын кулуну, алтын көкүл кер болот.
Азаматтын күлгүнү, киши акысын жебеген,
жоого кегин бербеген, айбаты катуу шер болот.
Ардак күткүң келсе ак иште.
Ардакты сүйсөң, эмгекти сүй.
Арзан бекен мал тапмак, оңой бекен жан бакмак.
Эртеден кечке тартактап, тактай тилген эки акмак.
Арзанга алуучунун пейли бузулат, кымбатка
сатуучунун пейли бузулат.
Арзандын асылы болбойт, асылдын жаманы болбойт.
Арзандын сорпосу татыбайт.
Арзандын тузу татыбайт.
Аркандын узуну жетет (жакшы), сөздүн кыскасы өтөт (жакшы).
Аркар мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет.
Аркасы кыя, асты жар, айла кеткен жол ошол.
Аркы өйүздөгү чабышка, бу өйүздөн жулунба.
Арпа берсең атка бер, күтүр —күтүр чайнасын.
Кызды берсең жашка бер, кучакташып ойносун.
Арпа жеген ат ойнойт.
Арпа сеппе (чыкпайт) таш жерге, айыл конбо (болбо) кас элге.
Арпа сеппе таш жерге, айыл конбо (болбо) кас элге.
Арпа сепсең, — арпа оросуң, буудай сепсең — буудай оросуң.
Арпа сээп, буудай алам дебе.
Арпа — буудай аш болот, алтын — күмүш таш болот.
Арстан «айга минем» деп, аягын берт кылыптыр.
Арстан айга чабам (минем) деп, белин мерт кылыптыр.
Арстан алганына кубанбайт, чалганына кубанат.
Арстан картайса, чөөгө күлкү.
Арстан катуу качырат, акырын алат.
Арстан катуу качырат, жумшак алат.
Арстан кумурскадан коркот.
Арстан оозунан жем талашпа.
Арстан турган жерге аюу жолобойт.
Арстан экиден, ит жетиден (тууйт).
Арстан эрдин башына, алтымыш мүшкүл бир келет.
Арстандай күчүң болсо, түлкүдөй куулукту үйрөн.
Арстандын куйругу болгуча, мышыктын башы бол.
Арстандын оозунан жем талашпа.
Арсыз киши чабышта өлөрүн эстейт.
Артисттер боёнбой койбойт.
Арткан ашты, иттен аяба.
Артык айтпа, ашыра какпа.
Артык дөөлөт баш жарбайт.
Артык өнөр баш жарбайт.
Артык кылам деп, тыртык кылдым.
Артык шашкан албарстыча карганат.
Артыкбаш акча баш жарбайт.
Артыкча дүңгүрөгөн, акырында мүңкүрөйт.
Артын ойлогон алжыбас.
Арча күйгөндө — асман ачылат, карагай күйгөндө — кыпын чачылат.
Ары жок — күлкүчү.
Ары жок — күлкүчү, санаасы жок — уйкучу.
Ары жок ит чымынга да үрөт.
Ары карап ыйлап, бери карап күлгөн жаман.
Арыбас ат болбойт, тозбос тон болбойт.
Арыган ат семирчи, ачыган курсак тоюнчу.
Арык — семирет, ач — тоюнат.
Арык — толсом дейт, семиз — болсом дейт.
Арык атка камчы жоо, жыртык үйгө тамчы жоо.
Арык атка камчы жуук (же үйүр), жыртык үйгө тамчы жуук (же үйүр).
Арык атка куйругу жүк.
Арык атка туз бербе, акылсызга кыз бербе.
Арык болсо семиздей көр, аз болсо көптөй көр.
Арык да болсо, семизге баала, аз да болсо, көпкө баала.
Арык кой тырышчаак, ач киши урушчаак.
Арык койдун терисин алты ашатса ий болбойт,
атадан жаман тууганды ак кийизге салдырып көтөргөн менен бий болбойт.
Арык семирер, ач тоюнар.
Арык — семиз боору тең.
Арык толсом дейт, семиз болсом дейт.
Арыктын арымы жок, семиздин кайрымы жок.
Арык уйга жоон мүйүздүн кереги жок.
Арык этте чарым бар, арам сөздө чачым бар.
Арыкмын деп оозуңду ырсыйта берген менен болобу.
Арыкмын деп, ооз ырсыйта берген болбойт.
Арыкты кыйналып чапсаң, сугатты ойноп сугарасың.
Арыктын арымы жок, семиздин кайрымы жок.
Аса — карыбайт, алтын — чирибейт.
Аса карыбайт, алтын чирибейт.
Асанкайгы өз үйүндө жек көрүндү болот.
Асанкайгы ойлонуп отурганча, тобокелчи маарага жетиптир.
Аскан ашты таштаба.
Аскар, аскар аскар тоо, аягы келип чап болот.
Атадан алтоо туулса, сыйлашпаса жат болот.
Аскар — аскар тоо — аягы келип чап болот, атадан
сегиз болсо да — сыйлашпаса жат болот.
Асманда жүргөн кыраан да түнөгүн көксөйт.
Асманда жүргөн кыраан куш, да түнөгүн көксөйт.
Асмандагы шумкардан колдогу турумтай артык.
Асманды караган аягынан мүдүрүлөт.
Асманды тиктегендин көзү акыят.
Аста сүйлөгөндүн амалы көп.
Астапырылданын казаны бат кайнайт.
Астыңкы эрди менен жер шыпырган, үстүңкү эрди менен көк шыпырат.
Асыл — таштан, акыл — баштан.
Асыл — таштан, акыл — жаштан (чыгат).
Асыл жигит — алты кырдуу, он эки сырдуу.
Асылган оору (ууру) алмайынча тынбайт (койбойт).
Асылган оору алмайынча тынбайт, асылган ууру алмайынча койбойт.
Асылган ууру алмайынча койбойт.
Асылды асыл өлтүрбөйт.
Асылсаң жыгачтын асылына асыл.
Асылсаң, асыл жыгачка асыл.
Асылуу казан — бышылуу аш.
Асыранды баланы айылчы абысын чыгарат.
Асыранды баланы айылчы катын чыгарат.
Ат — адамдын канаты, аш — адамдын кубаты.
Ат — адамдын канаты.
Ат — мингенднкн, тон — кийгендики, аял —
тийгендики, эр — элдики.
Ат — эрдин канаты.
Ат — эриндүү келет, эр — мурундуу келет.
Ат (эл) дарбыса, эшек кошо дарбыйт.
Ат адамдын (эрдин) канаты, аш адамдын кубаты.
Ат алсаң айылдашыңа кеңеш.
Ат азгыны — жорго, адам азгыны — молдо.
Ат айланып казыгын табат, жөө калсаң, эки өңүрүң саныңды чабат.
Ат айланып казыгын табат, эр айланып элин табат.
Ат айланып казыгын табат.
Ат алсаң айылдашың, кой алсаң коңшуң менен кеңеш.
Ат алсаң минип ал, аял алсаң сүйүп ал.
Ат алсаң, досуң менен кеңеш, кой алсаң, коңшуң менен кеңеш.
Ат алтоо болсо минерге ат табылбайт, бирөө болсо барарга жер табылбайт.
Ат арпа жесе, эшек кулагын салат.
Ат арыганын билбейт, кунан карыганын билбейт.
Ат арыганын билбейт, кунас (көсөө) карыганын билбейт.
Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат.
Ат аяган арыбайт, аш аяган жарыбайт.
Ат аяган жер карайт, куш аяган көк карайт.
Ат аяган жөө баспайт (жөө калбайт).
Ат аягынан, эр тамагынан бузулат.
Ат байлап салсаң токтобойт, кое берсе оттобойт.
Ат баспаган жерди тай басат.
Ат баспайм деген жерден үч басат.
Ат баспайм деген жерин — үч басат, эр көрбөйм деген жерин — үч көрөт.
Ат башы менен эр башы, кайда калбайт бир башы.
Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет,
эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет.
Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет, эр
башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет, эл
башына күн түшсө, кыштын күнү үй чечет.
Ат бергиси келбеген — ээр карайт, куш бергиси келбеген — жер карайт.
Ат бир мүдүрүлсө, үч мүдүрүлөт.
Ат болгуча аяк ылоо.
Ат болуучу кулундун, мүчөсүнөн белгилүү. Киши
болуучу баланын кирпигинен белгилүү.
Ат дарбыса, эшек кошо дарбыйт.
Ат жакшысы – ардак, адам жакшысы — урмат.
Ат жакшысы алыскы жолдо сыналат, дос жакшысы
айыгышкан жоодо сыналат.
Ат жакшысы боз болот, эр жакшысы айткан сөзгө бек болот.
Ат жакшысы кермеде, эр жакшысы термеде.
Ат жакшысын макта, киши жакшысын сакта.
Ат — жалдуу, тон — жакалуу.
Ат жалына казан ас.
Ат жаманы азаматты кор кылат.
Ат жаманы кор болот, куш жаманы бир чымчыкка зар болот.
Ат жаманы маңгел, жер жаманы аңгел.
Ат жашарып кунан болбойт, эр (адам) жашарып улан болбойт.
Ат кадырын жок билбес, ач кадырын ток билбес.
Ат кадырын минген билет, мылтык кадырын аткан билет.
Ат камчыдан жалтанат, эр намыстан жалтанат.
Ат картайса, согумга жарайт; эр картайса, сонунга жарайт.
Ат карып, арпа түшөбөйт, эр карып, эшек түшөбөйт.
Ат карыса чөп керек, эр карыса тер керек.
Ат качаган болгон соң, аштан, тойдон калган соң,
күлүктүгү не пайда! Катының сулуу болгон соң,
аркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда!
Ат кечкен суу деп, аюу ичет, кой кечкен суу деп, бөрү ичет.
Ат кичине болсо да, ээрдик орун табылат.
Ат кишенешип табышат, адам сүйлөшүп табышат.
Ат көтөргүс чатагы бардын, оозго алгыс чыры бар.
Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу миң болот.
Ат куйругун кармасаң суудан өтөөрсүң, ит
куйругун кармасаң сууга чөгөөрсүң.
Ат куйругун кармасаң, өзөндөн өтөөрсүң, ит
куйругун кармасаң, сууга чөгөөрсүң.
Ат кызыгы арыганча, эр кызыгы карыганча.
Ат менен жолго чыккан эшектин шору.
Ат менен катынга ишенич жок.
Ат минбеген ат минсе чаба — чаба өлтүрөт, тон
кийбеген тон кийсе — кага — кага бүтүрөт.
Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй, эл тааныбайт.
Ат мүдүрүлүп жер тааныйт, эр мүдүрүлүп эл тааныйт.
Ат мүдүрүлүп кайра оңолот.
Ат мыктысы кермеде, акын мыктысы термеде.
Ат оонаган жерде түк калат, айран төгүлгөн жерде жук калат.
Ат оонаган жерде түк калат.
Ат сактаган — ат минет, тон сактаган — тон кийет.
Ат семирип нык болот, эр семирип бук болот.
Ат семирсе ык болот, эр семирсе бук болот.
Ат сийген жерге чөп чыкпайт.
Ат сураган кордук эмес, ээр токум сураган кордук.
Ат сурамак — сүннөт (милдет).
Ат сыйлабас жигиттин, жөөчүлүк берээр сазайын.
Эр сыйлабас катындын, тулчулук берээр сазайын.
Ат сыйлаган азабынан кутулат, эр сыйлаган эмгегинен кутулат.
Ат сыйлаган азамат жөө баспайт, эр сыйлаган катын эшикте калбайт.
Ат сыйлаган жөө баспайт (калбайт),
эр сыйлаган эшикте жатпайт.
Ат сыйлаган жөө баспас, эр сыйлаган эшикте калбас.
Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу мин, болот.
Ат табылганча аяк ылоо, тай табылганча таяк ылоо.
Ат тапканча анжим тап.
Ат тезегин кургатпайт, аласа киши көгөрсө.
Ат тери кайтпайт.
Ат тойгон жерине качат, адамзат туулган жерине качат.
Ат тойгон жерине качат, азамат туулган жерине шашат.
Ат тойгон жерине качат, эр туулган жерине шашат.
Ат уяты — сатуу, кыз уяты — тартуу.
Ат чабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт.
Ат чапкан киши — талапкер, аш берген киши — күнөөкөр.
Ат эрдин канаты.
Ат эриндүү болот, эр мурундуу болот.
Ат ээси жылкычы.
Ат, аттан кийин жат.
Ата — аска тоо, Эне — оргуган булак, бала — экөөнө тең шам чырак.
Ата — бала урушат, ага — ини жулушат.
Ата — мекен, эне —нур.
Ата арбагы ыйык.
Ата баласы — тон жакасы.
Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол.
Ата болдум деп мактанба, адам болдум деп мактан.
Ата болсоң акылдуу бол, эне болсоң мээримдүү бол.
Ата болуш — ардак, эне болуш — сыймык.
Ата даңкы, эне баркы — балага дем.
Ата данкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен бөз өтөт.
Ата жакшы — уул жакшы, эне жакшы — кыз жакшы.
Ата журтуң — алтын бешик.
Ата өлүп бала калса тилегине жеткени, бала өлүп
ата калса арманы ичте кеткени.
Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн, энем өлсө
өлсүн, энемди көргөн өлбөсүн.
Ата каргышы — ок, эне каргышы — бок.
Ата каргышына учураган перзент оңолбойт.
Ата кебин эшиткен уул адеп тутат.
Ата көргөн — ок бычат, эне көргөн — тон бычат.
Ата көргөн ат берет, эне көргөн тон берет.
Ата көргөн ок жонор, эне көргөн тон бычар.
Ата конушу ардак, ата салты — сыймык.
Ата намысын арсыз уул кетирет.
Ата сөзү — акыл, ага сөзү — асыл.
Ата сөзү — алтын, көңүл коюп уксаң.
Ата сөзүн укпасаң, ажырайсың журтуңан.
Ата сөзү уулга эм.
Ата сыйлаган абийир табат.
Ата турган таңдын, чыга турган күнү бар.
Ата уулду билет, ат ээсин билет.
Ата уулу айтканынан кайтпайт, жоомарт бергенин айтпайт.
Ата, башты алып мага бере коюп, жамбашты өзүң албайсыңбы — дептир.
Атаандаштык — ал жакшы, акылдаштык — бул жакшы.
Ата — балага сынчы.
Атага (же энеге) баланын алалыгы жок.

нурболот

нурболот
Арамга — адал, жакшыга — жаман, ыйыкка —
бузук тизгиндеш бу дүйнөдө.
Арамдан алган төөдөн, адалдан алган улак артык.
Арамдыктан алыс болсоң, колдон келбес жакшылык жок.
Арамдын тамыры бир, адалдын тамыры миң.
Арамдын түбү бир тамыр, адалдын түбү миң тамыр.
Арамза жылмайса, алдаганга тете.
Арамзаада эл бузар, айкын жерди сел бузар.
Арамзаны аңдыган билет.
Арамзанын карды тойбойт, ач көздүн көзү тойбойт.
Арамзанын куйругу бир (алты) тутам.
Арамзанын укуругу кыска, акылмандын сөзү нуска.
Арамзанын этеги узарбайт.
Арачыга алты таяк.
Арбасаң да, каргасаң да, отко, чокко кармасаң да, үмүт — өлбөйт, карыбайт.
Арбашкан — алышат, кагышкан — кармашат.
Аргасыз кулдук кылгандын, кеги ичинде калат.
Аргасыз кулдук эткендин ичинде кеги калат, аны бир күнү алат.
Аргымак аттын куйругу, бирде жибек, бирде кыл.
Эр жигиттин белгиси, бирде мырза, бирде кул.
Аргымак жыйдым, ат жыйдым, айланып кетсин буудандан.
Адашкан жыйып эл кылдым, айланып кетсин туугандан.
Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет.
Аргымак тандап ат жыйдым, буудан болуп бербеди,
азамат тандап дос жыйдым, тууган болуп бербеди.
Аргымак чапкандан өлбөйт, таптагандан өлөт.
Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың.
Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың.
Аргымакты жаман деп, жолго таштап кетпегин,
азаматты жаман деп, жоого таштап кетпегин.
Аргымактын азганы — аркы —терки басканы,
азаматтын азганы — көчкөндө жөө басканы.
Аргымактын жакшысы — азыраак оттоп, көп
жуушайт, азаматтын жакшысы— азыраак сүйлөп, көп тыңдайт.
Аргымактын жакшысы — чапса күлүк, сатса пул,
азаматтын жакшысы — бирде мырза, бирде кул.
Аргымактын жакшысы (белгиси), азыраак оттоп көп жуушайт.
Азаматтын жакшысы (белгиси), азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.
Аргымактын жакшысы чапса — күлүк, сатса — бул.
Аргымактын кулуну, алтын көкүл кер болот.
Азаматтын күлгүнү, киши акысын жебеген,
жоого кегин бербеген, айбаты катуу шер болот.
Ардак күткүң келсе ак иште.
Ардакты сүйсөң, эмгекти сүй.
Арзан бекен мал тапмак, оңой бекен жан бакмак.
Эртеден кечке тартактап, тактай тилген эки акмак.
Арзанга алуучунун пейли бузулат, кымбатка
сатуучунун пейли бузулат.
Арзандын асылы болбойт, асылдын жаманы болбойт.
Арзандын сорпосу татыбайт.
Арзандын тузу татыбайт.
Аркандын узуну жетет (жакшы), сөздүн кыскасы өтөт (жакшы).
Аркар мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет.
Аркасы кыя, асты жар, айла кеткен жол ошол.
Аркы өйүздөгү чабышка, бу өйүздөн жулунба.
Арпа берсең атка бер, күтүр —күтүр чайнасын.
Кызды берсең жашка бер, кучакташып ойносун.
Арпа жеген ат ойнойт.
Арпа сеппе (чыкпайт) таш жерге, айыл конбо (болбо) кас элге.
Арпа сеппе таш жерге, айыл конбо (болбо) кас элге.
Арпа сепсең, — арпа оросуң, буудай сепсең — буудай оросуң.
Арпа сээп, буудай алам дебе.
Арпа — буудай аш болот, алтын — күмүш таш болот.
Арстан «айга минем» деп, аягын берт кылыптыр.
Арстан айга чабам (минем) деп, белин мерт кылыптыр.
Арстан алганына кубанбайт, чалганына кубанат.
Арстан картайса, чөөгө күлкү.
Арстан катуу качырат, акырын алат.
Арстан катуу качырат, жумшак алат.
Арстан кумурскадан коркот.
Арстан оозунан жем талашпа.
Арстан турган жерге аюу жолобойт.
Арстан экиден, ит жетиден (тууйт).
Арстан эрдин башына, алтымыш мүшкүл бир келет.
Арстандай күчүң болсо, түлкүдөй куулукту үйрөн.
Арстандын куйругу болгуча, мышыктын башы бол.
Арстандын оозунан жем талашпа.
Арсыз киши чабышта өлөрүн эстейт.
Артисттер боёнбой койбойт.
Арткан ашты, иттен аяба.
Артык айтпа, ашыра какпа.
Артык дөөлөт баш жарбайт.
Артык өнөр баш жарбайт.
Артык кылам деп, тыртык кылдым.
Артык шашкан албарстыча карганат.
Артыкбаш акча баш жарбайт.
Артыкча дүңгүрөгөн, акырында мүңкүрөйт.
Артын ойлогон алжыбас.
Арча күйгөндө — асман ачылат, карагай күйгөндө — кыпын чачылат.
Ары жок — күлкүчү.
Ары жок — күлкүчү, санаасы жок — уйкучу.
Ары жок ит чымынга да үрөт.
Ары карап ыйлап, бери карап күлгөн жаман.
Арыбас ат болбойт, тозбос тон болбойт.
Арыган ат семирчи, ачыган курсак тоюнчу.
Арык — семирет, ач — тоюнат.
Арык — толсом дейт, семиз — болсом дейт.
Арык атка камчы жоо, жыртык үйгө тамчы жоо.
Арык атка камчы жуук (же үйүр), жыртык үйгө тамчы жуук (же үйүр).
Арык атка куйругу жүк.
Арык атка туз бербе, акылсызга кыз бербе.
Арык болсо семиздей көр, аз болсо көптөй көр.
Арык да болсо, семизге баала, аз да болсо, көпкө баала.
Арык кой тырышчаак, ач киши урушчаак.
Арык койдун терисин алты ашатса ий болбойт,
атадан жаман тууганды ак кийизге салдырып көтөргөн менен бий болбойт.
Арык семирер, ач тоюнар.
Арык — семиз боору тең.
Арык толсом дейт, семиз болсом дейт.
Арыктын арымы жок, семиздин кайрымы жок.
Арык уйга жоон мүйүздүн кереги жок.
Арык этте чарым бар, арам сөздө чачым бар.
Арыкмын деп оозуңду ырсыйта берген менен болобу.
Арыкмын деп, ооз ырсыйта берген болбойт.
Арыкты кыйналып чапсаң, сугатты ойноп сугарасың.
Арыктын арымы жок, семиздин кайрымы жок.
Аса — карыбайт, алтын — чирибейт.
Аса карыбайт, алтын чирибейт.
Асанкайгы өз үйүндө жек көрүндү болот.
Асанкайгы ойлонуп отурганча, тобокелчи маарага жетиптир.
Аскан ашты таштаба.
Аскар, аскар аскар тоо, аягы келип чап болот.
Атадан алтоо туулса, сыйлашпаса жат болот.
Аскар — аскар тоо — аягы келип чап болот, атадан
сегиз болсо да — сыйлашпаса жат болот.
Асманда жүргөн кыраан да түнөгүн көксөйт.
Асманда жүргөн кыраан куш, да түнөгүн көксөйт.
Асмандагы шумкардан колдогу турумтай артык.
Асманды караган аягынан мүдүрүлөт.
Асманды тиктегендин көзү акыят.
Аста сүйлөгөндүн амалы көп.
Астапырылданын казаны бат кайнайт.
Астыңкы эрди менен жер шыпырган, үстүңкү эрди менен көк шыпырат.
Асыл — таштан, акыл — баштан.
Асыл — таштан, акыл — жаштан (чыгат).
Асыл жигит — алты кырдуу, он эки сырдуу.
Асылган оору (ууру) алмайынча тынбайт (койбойт).
Асылган оору алмайынча тынбайт, асылган ууру алмайынча койбойт.
Асылган ууру алмайынча койбойт.
Асылды асыл өлтүрбөйт.
Асылсаң жыгачтын асылына асыл.
Асылсаң, асыл жыгачка асыл.
Асылуу казан — бышылуу аш.
Асыранды баланы айылчы абысын чыгарат.
Асыранды баланы айылчы катын чыгарат.
Ат — адамдын канаты, аш — адамдын кубаты.
Ат — адамдын канаты.
Ат — мингенднкн, тон — кийгендики, аял —
тийгендики, эр — элдики.
Ат — эрдин канаты.
Ат — эриндүү келет, эр — мурундуу келет.
Ат (эл) дарбыса, эшек кошо дарбыйт.
Ат адамдын (эрдин) канаты, аш адамдын кубаты.
Ат алсаң айылдашыңа кеңеш.
Ат азгыны — жорго, адам азгыны — молдо.
Ат айланып казыгын табат, жөө калсаң, эки өңүрүң саныңды чабат.
Ат айланып казыгын табат, эр айланып элин табат.
Ат айланып казыгын табат.
Ат алсаң айылдашың, кой алсаң коңшуң менен кеңеш.
Ат алсаң минип ал, аял алсаң сүйүп ал.
Ат алсаң, досуң менен кеңеш, кой алсаң, коңшуң менен кеңеш.
Ат алтоо болсо минерге ат табылбайт, бирөө болсо барарга жер табылбайт.
Ат арпа жесе, эшек кулагын салат.
Ат арыганын билбейт, кунан карыганын билбейт.
Ат арыганын билбейт, кунас (көсөө) карыганын билбейт.
Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат.
Ат аяган арыбайт, аш аяган жарыбайт.
Ат аяган жер карайт, куш аяган көк карайт.
Ат аяган жөө баспайт (жөө калбайт).
Ат аягынан, эр тамагынан бузулат.
Ат байлап салсаң токтобойт, кое берсе оттобойт.
Ат баспаган жерди тай басат.
Ат баспайм деген жерден үч басат.
Ат баспайм деген жерин — үч басат, эр көрбөйм деген жерин — үч көрөт.
Ат башы менен эр башы, кайда калбайт бир башы.
Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет,

Батыров

Алты күн ачка калсаң да атаңды сыйла!
Алты саны аманда, жер караган оңоорбу!
Абийири мүлдө төгүлсө, эл караган оңоорбу!
Алты уулдуу кишинин, алты өрүштө малы бар.
Төрт уулдуу кишинин, төрт өрөөндө малы бар.
Эки уулдуу кишинин өлөөр — өлбөс жаны бар.
Алтыга алып, бешке сат, атың болсун соодагер.
Алтыга сатып, бешке алган соодагердин адаты.
Алтымыш күн атан болуп жүргөнчө, алты күн буура болуп зиркилде.
Алтымыш менен жетимиш абышканын курагы.
Алтымышка барганда аркандаган аттайсың,
«алганым тилдеп койду» деп, кимге барып даттайсың.
Алтымышка чыккан адамды, алыс жолго жибербе.
Алтымышка чыккан атаңды алыс жолго жибербе.
Алтымышта атаңдын, алдап соолап күчүн ал.
Алтын — жерден, баатыр — элден (чыгат).
Алтын акпайт, күмүш күйбөйт.
Алтын алба, алкыш ал.
Алтын байлык эмес, акыл — байлык.
Алтын баш аман болсо, жокчулук эмне кылат.
Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык.
Алтын дат болбойт, жакшы жат болбойт.
Алтын жерде калбайт, жакшы жолдо калбайт.
Алтын жерден чыгатБаатыр элден чыгат.
Алтын жерден чыккан байлык болсо, акыл элден чыккан байлык.
Алтын казына акыл казынага жетпейт.
Алтын күмүштү байлык туткан киши башын жолдо
калтырар, баба сөзүн улаган кишинин орду төрдө болор.
Алтын көрсө, бериште да жолдон чыгат.
Алтын менен күмүштү, зергер үчүн жараткан,
аркар менен кулжаны, мерген үчүн жараткан.
Алтын така, жез така, байчечекей тербесең, ай тийбеген жер капа.
Алтын тапса, түйөргө түйүнчөк таппайт.
Алтын чирибейт, акыл азбайт.
Алтын чирибейт.
Алтын чыккан жер кадырлуу, калыс жүргөн эр кадырлуу.
Алтын чыккан жеринде калат.
Алтын ээр ак кабак, атка жайы болбосо, алтынын алып отко жак.
Аяшар тууган болбосо, акырын сүйлөп жатка жак.
Күмүш ээр ак кабак, күмүшкө жайы болбосо, күмүшүн алып отко жак.
Күйүшөр тууган болбосо, күлө багып жатка жак.
Алтындуу ээр ак канкы, атка тынчы болбосо, алтынын алып отко жак.
Алтынды ала билген бөлө да билет.
Алтынды билүү — оңой, адамды билүү — кыйын.
Алтынды дат баспайт.
Алтынды жыйган сен болдуң, азапты тарткан мен болдум.
Күмүштү жыйган сен болдуң, күйүттү тарткан мен болдум.
Алтынды көрүп, байгамбар да жолдон чыгыптыр.
Алтынды орогон менен жез болбойт, жибекти
орогон менен бөз болбойт.
Алтынды чыккан жеринен каз!
Алтынды эрите албаган иритер, терини ашата албаган чиритер.
Алтынды эрите билбеген иритер, терини ашата билбеген чиритер.
Алтындын баасын зергер билет.
Алтын — күмүш таш экен, арпа — буудай аш экен.
Алуучу болбосо — сатуучу кор болот.
Алы жетпеген — акыретчил, колу жетпеген — кордоочул (же кудайчыл).
Алы жетпеген аракетчил, колунан келбеген ушакчыл.
Алыбек алыңды кара, маңдайыңдагы чарыгыңды кара.
Алыбек алына жараша.
Алың аке, алың, сергий түшсүн жаның.
Алың, алың дегенче, алты соодагер өлүптүр.
Алын билбеген — алек.
Алын билбеген, алекке түшөт (алек).
Алып келсем көрөсүң, күлүп жатып өлөсүң.
Алыс жерден куда күтсөң — артынчактап аш
келер, жакын жерден куда күтсөң — түрдүү ушак сөз келер.
Алыс жерге куда болсоң артынчактап аш келээр.
Жакын жерге куда болсоң, түрдүү ушак сөз келээр.
Алыс жол атты сынайт.
Алыс жол атты сынайт, оор күн эрди сынайт.
Алыс карма балаңды, аңга чалыш бекерден.
Алыскы достон, жакынкы кас артык.
Алыскынын аты озгуча айылдаштын тайы озсун.
Алыскынын аты чыкканча, короолоштун кою озсун.
Алыста болсо кишенешкен, жакында болсо тиштешкен.
Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн дос жаман.
Алыстагы душмандан, кашындагы кас жаман.
Алыстагы олуядан, жакындагы манайык артык.
Алыстагы туугандан жакындагы коңшу артык.
Алысты жакын кылган алака.
Алысты жакын кылган кыз, тамакты таттуу кылган туз.
Алысты жакындаткан — ат,
жакынды алыстаткан — жат.
Алыш — бериш (келиш — кетиш) туугандыктын
белгиси, уруш — кериш душмандыктын белгиси.
Алышканда күчү жеткендин, айтышканда кеби өтөт (күчү кетет).
Алышканда күчү жетпегендин, айтышканда кеби өтөт.
Алышыңды бек байла, жардап кетсе суу бербейт.
Жарыкта малың көздөп (жыйнап) ал, караңгы кирсе көз жетпейт.
Амал ашынса — уу.
Амалдуу аңчыга ажалдуу кийик жолугат.
Амалкөйдү ашынам дебе, ач көз байды кошунам дебе.
Амалкөйдү ашынам дебе, ач көздү кошунам дебе.
Амалын тапкан ажалдан кутулат.
Аман болсо башым, дагы эле чыгар чачым.
Аман болсо бул башым, дагы бир чыгаар бул чачым.
Аман болсун бу башым, дагы эле чыгар бу чачым.
Аманат жанга өлүм ак.
Аманатка кыянат кылбайт.
Аманчылык жамандыкты жеңет.
Ана катын мас болсо, беш көкүл менен урушат.
Анжиянда акем бар, ал да мендей пекене.
Үрүмчүдө үкөм бар, ал да мендей пекене.
Анжиянда суур семиз десе Бээжиндеги калмак тамшанган экен.
Ант берсең, актай бил.
Антар атка бир санат, учар кушка бир канат.
Аргымак, айгыр кече албас, агын суудан кечмек бар.
Анык чечен — акындар жазгы жамгырдай.
Анык чечен акындар, жазгы жааган жамгырдай.
Аныккандан каныккан ууру болот, оолуккандан соолуккан жинди болот.
Аңга жетпес ашыңды, айылдаштан аяба.
Аңгек өзүн жер ойлойт, акмак өзүн эр ойлойт.
Аңгек өзүн жер ойлойт, ар ким өзүн эр ойлойт.
Аңгектен качсаң — дөңгөккө, дөңгөктөн качсаң — сөңгөккө.
Аңгеме музоо эмизер, музоо таяк жегизер.
Аңдабаган төө көрбөйт.
Аңдабаган төөнү да көрбөйт.
Аңдабай сүйлөгөн оорубай өлөр.
Аңдабай түштүм чуңкурга, эми мага сай кайда.
Аңдап турсаң акылдуунун сөзү пул болот.
Аңдуучуну аңдоочу жеңет.
Аңдыган — алат, аңтарган — табат.
Аңдыганга, аңкоо көрүн.
Аңдышкан айыл болбойт, сатуулашкан дос болбойт.
Аңдышкан айыл конбойт, эсептешкен дос болбойт.
Аңдышкан эл болбойт, эсептешкен коңшу болбойт.
Аңкир — мүңкүрүндү коюп, келе бери бир атым насыбай.
Аңкоо азаптан, кайсар мазактан кутулбайт.
Аңкоо бала атасына асылат, аңкоо кыз энесин коркутат.
Аңкоонун эч нерседен кабары жок, жалкоонун эч нерсени табаары жок.
Аңыздуу жерде ат өлбөйт, бозмаштуу жерде бото өлбөйт.
Аңыр (карга, күйкө, чымчык) өзүн куш ойлойт,
Аңыр өзүн куш ойлойт, ар ким өзүн киши ойлойт.
Апендинин коёнунун сорпосунун сорпосундай,
Аппак карда көп жүрсөң, көзүң бир күн карыгат.
Алыс жерде көп жүрсөң, көңүлүң бир күн тарыгат.
Апылайдын чайындай түгөнбөгөн.
Ар адамда бир кыял, ал кыялды ким тыяр.
Ар бир адам Мекенин сүйөт, соодагер бекерин сүйөт.
Ар бир адамдын киндик каны тамган жер—Мисир.
Ар бир башта миң кыял.
Ар бир жердин түлкүсүн өзүнүн уучусу ууласын.
Ар бир ит — өз короосунда кожо.
Ар дарттын бир дабасы бар.
Ар жемиштин данеги өз сөөгүндө сакталат.
Ар жердин корозу бирдей кыйкырат.
Ар заманда бир чукулдай.
Ар ит өз короосунда арстансыйт.
Ар иште — эстүү болуу керек, акылдуу өз ишинен убай көрөт.
Ар өзүн эр ойлойт.
Ар ким — сүйгөнүнүн кулу.
Ар ким бары менен базардайт.
Ар ким ич оорусун өзү билет.
Ар ким өз бейилинен табат.
Ар ким өз боюна карап киет.
Ар ким өз үйүндө кан.
Ар ким өз камында, кары кыз эр камында.
Ар ким өз көмөчүнө күл тартат.
Ар ким өз сөзүнөн сындалат.
Ар ким өзүн киши ойлойт.
Ар ким өзүн эр ойлойт.
Ар ким кычышкан жерин өзү билет.
Ар ким кычышкан жерин кашыйт.
Ар ким пейлинен табат.
Ар кимге өз жаны кымбат.
Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр?
Ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө.
Ар кимдин жүргөн жери мисир.
Ар кимдин өз жүгү өзүнө чак.
Ар кимдин көргөн жери өзүнө мисир.
Ар кимдин тилеги өзүнө чоң.
Ар кимдин туулган жери — Мисир.
Ар кимдин убайымы өз башында.
Ар кимдин эри өзүнө мырза, ар кимдин зайыбы өзүнө каныша.
Ар кызыктын башы бар.
Ар нерсе учурунда сонун.
Ар немеге бир неме.
Ар нерсе өз тушунда кымбат.
Ар нерсе өз чегинен чыкса, арты өкүнүчтүү болот.
Ар нерсенин орду болоор, көрбөгөн жер сонун
болоорЖышааналуу эр жигиттин, кайда жүрсө жолу болоор.
Ар убакта чынчыл бол, калк ишенет кебиңе.
Ар чөп өз тамыры менен күн көрөт.
Ар ылдыйдын өрү бар.
Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн.
Арабаны ат тартат, көлөкөсүн ит тартат.
Арабаны көрдүм арманым жок.
Арадагы акмак — туурадагы токмок.
Арадай жерге чарадай жыйын.
Араздашуудан кийинки таттуулук халбадан да таттуу.
Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле,
айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле.
Арак адамды мээримдүү кылып элжиретип, зөөкүр кылып келжиретип коёт.
Арак арды аздырат, барды тоздурат.
Арак дудукту да сайратат.
Арак ичкен тойдо мас, акылы жок күндө мас.
Арак ичкендин акылы жоор.
Арак масы келе жатса, качпа, мал масы келе жатса кач.
Аракет кылса, береке болот.
Аракет кылсаң — берекет.
Аракети көп, берекеси жок.
Аракетсиз үмүт — мөмөсүз дарактай.
Аракеттен адат жаралат, адаттан мүнөз, мүнөздөн тагдыр жаралат.
Аракка кандым дегиче, азапка калдым дегин.
Арактын кулу болгонуң, абийириңден куру болгонуң.
Аралдагы чөптү мал жебейт.
Арам айтып, максатка жетпейт.
Арам алдаганга устат, сынчы талдаганга устат.
Арам жеген бура баспайт.
Арам өлсө ит менен кушка жем.
Арам санаа болбогун, алгандан алтоо болбойсуң.
Эл эмгегин жебегин, жегенден жетөө болбойсуң.
Арам тамак аш болбойт.

батыров