КАЙРЫЛУУ
Кайрылам Кыргыз калкыма,
Кулак сал биздей жарчыңа.
Кытай да баалап, чеп курган
Кыргыздын улуу даңкына.
Кылычтап коргоп мекенин,
Кылымдын бастык неченин.
Кылчайып көрсөң артыңа,
Кыраан Манас баш болуп,
Сап болуп эрлер камчыга.
Тектүү болгон хандары,
Тең карап келген жалпыга.
Акыры тизгин тапшырсак
Акылы, эси тайкыга,
Адаштырып түз жолдон,
Алпарды аска, кайкыга.
Аларга болду жардамчы,
“Алга, Кыргызстан” менен
Ары жок “Ак жол” партия.
Тың чыкса, киллер жалдашып,
Түгөттү биздин каймакты.
Максимге “баран” дегизип,
Мааратып элди айдатты.
Бурмалап шайлоо өткөрүп,
Букадай көзүн май басты.
Октон коркпос Кыргыздын
Ого эле жинин кайнатты.
Өтө чоң болду шерменде,
Өзгө элден жалдап көзгө атар,
Өзүнүн элин жайлатты.
Алмадай болгон жаш балдар
Айланып кетти шейитке.
Чындык деп курман болушту,
Чыгарсын кудай бейишке.
Ата-эне, туугандар тургай,
Ааламды салды кейишке.
Азыркы бийлик алгандар
Ак дилден иштеп беришсе,
Ок тийип каза тапкандар
Ошондо жетет жеңишке.
Көз салып турат Кыргызга
Көкжалдар Ата-Бейитте.
Мөмөлөй элек кезинде
Гүлдөшүп каза болушту.
Адилдикке чоңдорду
Үндөшүп каза болушту.
Жер менен кенди сатканды,
Казынаны уурдап качканды
Тилдешип каза болушту.
Дүнүйө жалган, боктугун,
Кепинде чөнтөк жоктугун
Үйрөтүп каза болушту.
Маданият министрлигин
Агенттик кылып ташташы,
Маданиятты жоготуу
Жөөттөрдүн болчу максаты.
Маданиятсыз эл болбойт,
Бул – өтө чоң маселе.
Тили, дили жок элди
Кул кылып алыш бат эле.
Бөлөктөр тепсеп бөркүңдү,
Бурмалап сулуу көркүңдү,
Батыштын басты туманы,
Баба мурас, кенчиңди.
Жүлүнүң тилип, өчүрдү
Жүрөктө жалын, өртүңдү.
Жигитти намыс өлтүрбөй,
Намысты жигит өлтүрдү.
Жыгылганды кордобойт
Акыл-эси жөн киши.
Кетип калган катынды
Жамандабайт эр киши.
Артынан жамандабаган
Кыргыздын улуулугунун белгиси.
Кыраакы, калыс башчыны
Кыргыздын келет көргүсү.
Эскилерди туурабай,
Эстүү болсо экен эмкиси.
Бакиев үчүн чердакта
Ырдагандар чыкты эле.
Көзү жакшы экен деп,
Сыйлагандар чыкты эле.
Түбүм еврей болот деп,
Жан жегендер чыкты эле.
Ажосун мактап Ак үйдөн,
Нан жегендер чыкты эле.
Телефондун ар бирин
Тыңдашкандар чыкты эле.
Омонду эмес, “Обонду”
Ырдаткандар чыкты эле.
Оң жагында он катын,
Сол жагында он катын.
“Обондорду” башкарган
Ортосунда чоң катын.
Бизнес кылып алышты,
Аянтта кылып соодасын.
Алаңды апчып жулушат,
Аткарбай койсоң дооматын.
Эне – бул үйдүн чырагы,
Үй жарык болсо бактың да.
Эне деген эң ыйык,
Чындык бар сүттөй ак мында.
Ал тургай,
Бейиш да калган эмеспи
Эненин таман астында.
Кыйкыргандар алиги,
Кызып алып ачкылга.
Энелик атты булгабай,
Элирбей үйдө жатсын да.
Көп чатак болуп кетпесин,
Көкөтөйдүн ашындай.
Татыктуу барсын кызматка,
Тааныш, тууган чакырбай.
Бир жарым миллиард кытайлар
Жашашып жатат чачылбай.
Үч миллион элди башкаруу
Оорбу сайдын ташындай.
Төрт айда бирден алмашып,
Төп келген мыйзам жазылбай.
Конституциябыз кор болду,
Көп эрден чыккан катындай.
Арабасын өлкөнүн,
Алдыга тартса үч Кыргыз.
Аркасын көздөй жылат да,
Артынан тартса жүз Кыргыз.
Сүйсө эгер чындап мекенин,
Сүйрөсүн алга бүт Кыргыз.
Куру убада, сөздөргө
Кулактын канды кужуру.
Тил эмес, колдун ишине
Көз суусап турган учуру.
Эл баштап атка мингендер
Эске алса экен ушуну.
Мурда,
Сүрдөнүп башын каткандар
Сүйлөй баштады эркектей.
Жайнады жалаң партия,
Жаздагы айгыр телпектей.
Кырчаңгы сүйлөй башташты
Калгандар мандат – жем жетпей.
Кырк ашы өтпөй балдардын,
Тиякта,
Кырылып жатат жер жетпей.
Чыныгы асыл жигиттер
Чын ажал тапты эл үчүн.
“Өлкөнү талап, жер бас!” – деп,
Өлгөн жок алар сен үчүн.
Баарыбызды жер жутат,
Бакыра бербе жер үчүн.
Наадандык кылып жатышат,
Намысы, ары кем үчүн.
Окко учуруп баласын,
Жоготуп бирөө агасын,
Кайгырып өлкө жатканда,
Кара жер – сенин талашың.
Макул дейли, ошол жер
Там салганга жарасын.
Кан жыттанган ал үйдө
Балаңды кантип багасың?
Кылмышстан баратат
Кыргызстанга жол салып.
Министрди мындай кой,
Муфтийге чейин кол салып.
Жетесиз мындай жол менен
Жете албайт өлкө алыска.
Чыр кыла бербей ар кимиң,
Чыгарбайлыбы калыс баа.
Жардам берели жаңы өкмөт
Жаңылбас жолду табышка.
Оорун колдон кармашып,
Жеңилин жерден алышса.
Аз калгансып баратат
Афганистан болуп калышка.
Кекенген бизге душман көп,
Келели калкым намыска.
Чоң державалар билгизбей,
Бири-бирибизге тукуруп.
Акчасын алса баары бир,
Акмактар жүрөт кутуруп.
Өзгө элдер бизге күйөбү,
Өлсө дейт кыргыз бузулуп.
Мамлекеттүүлүк бактысын
Албайлы калкым учуруп.
Кайрылам журтум баарыңа,
Калың эл: жашы, карыңа.
Өз чакаңарга сүт саабай,
Өлкөбүз үчүн саагыла.
Айланып калып жүрбөйлү
Улуттун душмандарына.
Милициялар тарапка,
Бурайын сөздүн өңүтүн.
“Айлыкты көтөргүлө” деп,
Булардын пикет кылганын
Биринчи жолу көрүшүм.
Кызматка келип ант берет,
Кыйынчылык күндө да,
Кылам деп кызмат эл үчүн.
Ошол антты унутуп,
Үрөйдү булар учурду.
Кылдын учунда турат өлкөбүз,
Азыр
Айлык дей турган учурбу?
Айтайын дагы өңгөнү,
Алтын эл нени көрбөдү.
Чагымчы, улут душманы
Түндүк-түштүк деп бөлгөнү.
Мамлекет үчүн пайдалуу,
Андайлар
Жашабай эле өлгөнү.
Бөйрөктөй болуп, Кыргызым,
“Бөлүнсөң бөрү жеп кетет.
Бөлүнүп калды Кыргыз деп,
Бөлөк элге кеп кетет”, –
Деп какшаган бабабыз
Бакайдын сөзүн эстесек.
Болбосо,
Беш манжа турат беш бөлөк,
Беттесе душман чыр кылат.
Жалгыздап турса күчү жок,
Жандаса зөөкүр тындырат.
Бешөөсү эгер бириксе,
Бир койгон жерин сындырат.
Эл башкарган эрендер,
Бектер жана берендер
Миң киши канын аянтка
Төгүшү менен келдиңер.
Сексен жети баланын
Өлүшү менен келдиңер.
Калкым деген бийликтин
Оңолорун эл билер.
Алкым деген бийликтин
Не болорун көрдүңөр.
Журтум деген бийликтин
Оңолоорун эл билер,
Кулкун деген бийликтин
Не болорун көрдүңөр.
Эл коргогон сакчылар,
Элин мыктап бакчулар,
Атпай журт жана башчылар,
Атка минер жакшыңар,
Эл бактысын тапчулар,
Соода борбор, дүкөндү
Соо койбой тоноп каччулар,
Кытайды жеңип алгансып,
Бирөөнүн жерин басчулар,
Бөлүнбөй кайра куралып,
Бир жеңден кол чыгарып,
Бир жакадан баш чыгар.
Комментариев нет:
Отправить комментарий