воскресенье, 28 апреля 2013 г.

Эл арманы

Көк асманды кара-тору булут басты,
Элди бузар адат келди каяктагы.
Боорун жерден көтөрө албай жүрсө дагы,
Катарынан баары эле саясатчы.

Болчу эле мен билгенден мурдалары,
Эн акылман, барктуу киши элдин башы.
Эки ооз соз жаттап алып, билгени жок,
Эси жоктор эл башкарчу болуп алды.

Керек эмес эч кимге элдин дарты,
Сурап койбойт бирөө келип ал-абалды.
Же бапестеп кучагында эр жеткирген,
Өз элинде булардын өчү барбы?

Жүрөк сыздайт элди көрүп талаадагы,
Тентип кеткен калктын оор акыбалы.
Бир боорлору кордук көрүп жүрсө дагы,
Муну менен мансапкордун иши барбы?

Айта берсе түгөнбөйт армандары,
Качан келет элдин күткөн самаганы?
Көч түзөлткөн, жыйнаган чачылганды,
Манас болчу, Нүзүп болчу адам барбы
Энелер

Эч сөз таппайм, Ай беле, же Күн беле
Наамы турган баарысынан жогору
Эне деген улуулук бар дүйнөдө

Эч соолубай жайнап турган гүл өңү
Наристенин жүрөгүнөн таптаза
Энелердин жалпыбызга жүрөгү

Энесинен кандай адам түңүлмөк
Назик сезим Жаратканга ыраазы
Эне баркын сездиргенге шүгүр деп

Эне деген сөздөн бакыт куюлат
Нечендерди багындырган дүйнөнү
Энелерим турат дайым сулуулап

Эч толкунсуз ала салбайт кеме да
Не деген миң түйшүктөрдү көтөрөт
Эне деген ошондуктан эне да

Эне, эне бир улуу сыр бар мында
Нур бейишти пайгамбарым айтыптыр
Энелердин таманынын алдында

Энелерди барктап, сыйлап жүрөлүк
Наркы бийик энелердин өмүрү
Эч бөксөрбөй толуп турсун түбөлүк
Үшүгөндө

Өкүмөт бүгүн газ берет,
Өзүбек тарап аз берет.
Өчпөй тур, эптеп, жылыткыч,
Өлбөгөн жанга жаз келет.

Ташкенге дагы керектир,
Талашкан казак себептир.
Үшүбөй жүрсөк болду эле,
Үмүтүм сенсиң, электр!

Тоңдурган ызгаар дем келди,
Топтолгон кышка тең келди.
"Кыш болбойт" деген кыйынга
Кудайдын жини келгенби?

Араңжан күйүп ак шамдар,
Аязга тоңот жаш балдар.
"Агентке" жазат арызын,
Азыртан үшүп жаткандар...
Кымбатым менин!
Кыйноого салсам кечирчи?
Кылгырып көзүң,
“Кыйбасым, жаным!”- десинчи?
Кылчактап араң узадым сенин жаныңдан,
Карап тур эми, таарынтпайм сени экинчи!

Таптаттуум менин!
Таарынтып койсом кечирчи?
Түшүмө кирди,
Тунжурай түшкөн кезиңчи...
Таң атпай, узак болду окшойт ушул түн дагы,
Таптакыр эми таарынтпайм сени экинчи!
Турмуш сен: Ачуу белең, таттуу белең?
Кээде жөө, кээде дуулап аттуу келем.
Бирок мен башкаларга көз артпастан,
Мактанам ушул бүткөн бактым менен.
Ата журт

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу... бороон улуп, кар уруп...
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Түндөр жаман... кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп...
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка... Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!
Куйругу жок, жалы жок,
Кумда туулуп, чөлдө өскөн,
Кулан байкуш кантти экен?
Чымчып алар жүнү жок,
Чыңырарга үнү жок.
Боорунда буту жок,
Жылан байкуш кантти экен?
Баккан малы жок,
Мал багарга алы жок.
Көзү-башын көгөртүп,
Көгөн байкуш кантти экен?
Таразасын көтөрүп,
Тарбаңдаган шор тумшук,
Таш бака байкуш кантти экен?
Боору жерге жабышып,
Баса албаган балчактап,
Бака байкуш кантти экен?
Оргон-жыйган чөбү жок,
Эчтемеге эби жок,
Доңуз байкуш кантти экен?
Бороон-чапкын күч алды,
Суунун бетин муз чалды,
Балык байкуш кантти экен?
Баш калкалаар үйү жок,
Пааналаган жери жок,
Курт-кумурска кантти экен?
ЭКӨӨБҮЗ СЫНТАККАНДЫ НЕ КЫЛАБЫЗ?

Өмүр аз, бир берилди сага, мага
Мен сенин сынтакпаймын арабаңа,
Сен дагы мен капыстан тайгалансам
Саның чаап арабаңдан табалаба!

Мен сендей эсептебейм кадамымды,
Жаңылсам, кайра түзөйм абалымды,
Мени кой, кокус өзүң тайгалансаң
Ойлой жүр дайының таппай каларыңды.
Мен сизди сагынганда…
Ордума тура албай эбелектеп,
Орунсуз санаа тартам чебелектеп.
Умтулуп эбак өткөн жолуңузга.
Үмүтүм жанып, «али келе элек»-деп,
Мен болдум сезим мунар кыйрабаган,
Муң салып жүрөгүмдү кыйнап анан,
Бактылуу жандай жатка күлүп туруп,
Башкага билгизбестен ыйлап алам.

Мен сизди эстегенде…
Тагдырым таразада ойнотулуп,
Таба албайм, туура жолду ойго тунуп.
Кыялга эрксиздиктен батып кетем,
Капырай, кадимкидей ойгоо туруп.
Өксүдүм, жетпей-жетпей көздөгөнгө,
Өкүнүп, бирге өмүр кезбегенге.
А бирок дүйнөм түгөл, кемтиги жок,
Ар күнү өзүңүздү эстегенде…

Мен сизди сагынганда…
Кое албай бул сезимге такыр илеп,
Келемин бирок сизге бакыт тилеп.
Батынып бир кучактап алгым келди,
Балким бул? Балким ушул АКЫРКЫ ИРЕТ?
Мен сизди сагынганда…
Мен сизди сагындым да…
Алтын балалык

Ал кезекте сен тентек кыз эселек,
Мен да бала сүт оозумдан кетелек.
Жар бооруна экөөлөп,
Орок менен үй куруп.
Жаңы гана үйлөнүп,
Көчүп келдик дечү элек

“Кемпир!” десем мен колуңдан жетелеп,
“Белим ий” – деп сен да мага эркелеп.
Чалым байкуш жумуштан,
Чарчады деп мени аяп.
Чай канаткан күндөрүң,
Али эсимден кетелек.


Коштошоордо коомай кармап колумду,
-Сагынба... – деп, санга бөлдүң оюмду.
Жаш күнүмдүн унуткус,
Эстелиги ушул деп.
Карап турдум жалдырап,
Караан үзгөн жолуңду.

Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Мага билгизбей,
Сүйүүмдү ойготкон
Төрөлбөгөн балдарымдын атасы,
Жөрөлгөнүн жөндөп түздөп катасын,
Мендик бойдон өтүш үчүн бүгүн сен,
Мендик бойдон бүлө күтүп жатасың.

Мендиксиң сен, мендик эмей эмине?!
Кемтиксиң сен менсиз айтаар кебиңен.
Мага арналчу сөздөрдү угуп колуктуң,
Менин демим тыңшап азыр демиңен…

Жомоктосоң сен мен сүйгөн жактарды,
Көлөкөсү көзүңдө ойноп ак шамдын.
Ойун баспай, ордум баскан ал кургур,
Мен сүйлөөчү сөздү таппай жаткандыр…

Төрөлбөгөн балдарымдын атасы,
Жөрөлгөнүн жөндөп бүгүн катасын,
Мендик бойдон өтүш үчүн дүйнөдөн,
Мендик бойдон бүлө күтүп жатасың…
АТАКЕМ ООРУБАСЫН

Ден соолук адамга зор байлык тура,
Демейде ушул ойго келбейт тура.
Адамды жараткан соң жаратканым,
Төп кылып тегерегин бербейт тура.
Оорунун кадырын соо билбейт деген,
Орундуу ушул ак сөз чындык тура?

Кыйналып ооруп турса жаның, ата,
Кысылып мен турамын таштай ката.
“Атакем аман-эсен айыксынчы”,
Деп сурайм жараткандан кайра-кайра.
Оорубай жүргөн күнүң эстей берем,
Ошол күн кайра келчи, кеттиң кайда?

Ушул ыр эм болсун деп дем болсун деп,
Ак тилек айтып сизге багыштадым.
Балдарың жетилсинчи өсүп-өнүп,
Бакайдай абышка бол сыйын көрүп.
Тилекти жаратканым кабыл кылсын,
Ылайым ишиң дайым алга жылсын.
Өмүрдүн гүлү эрте соолубасын
Оо, кудай атакем эч оорубасын
КАЙРЫЛУУ

Кайрылам Кыргыз калкыма,
Кулак сал биздей жарчыңа.
Кытай да баалап, чеп курган
Кыргыздын улуу даңкына.
Кылычтап коргоп мекенин,
Кылымдын бастык неченин.
Кылчайып көрсөң артыңа,
Кыраан Манас баш болуп,
Сап болуп эрлер камчыга.
Тектүү болгон хандары,
Тең карап келген жалпыга.
Акыры тизгин тапшырсак
Акылы, эси тайкыга,
Адаштырып түз жолдон,
Алпарды аска, кайкыга.
Аларга болду жардамчы,
“Алга, Кыргызстан” менен
Ары жок “Ак жол” партия.
Тың чыкса, киллер жалдашып,
Түгөттү биздин каймакты.
Максимге “баран” дегизип,
Мааратып элди айдатты.
Бурмалап шайлоо өткөрүп,
Букадай көзүн май басты.
Октон коркпос Кыргыздын
Ого эле жинин кайнатты.
Өтө чоң болду шерменде,
Өзгө элден жалдап көзгө атар,
Өзүнүн элин жайлатты.
Алмадай болгон жаш балдар
Айланып кетти шейитке.
Чындык деп курман болушту,
Чыгарсын кудай бейишке.
Ата-эне, туугандар тургай,
Ааламды салды кейишке.
Азыркы бийлик алгандар
Ак дилден иштеп беришсе,
Ок тийип каза тапкандар
Ошондо жетет жеңишке.
Көз салып турат Кыргызга
Көкжалдар Ата-Бейитте.
Мөмөлөй элек кезинде
Гүлдөшүп каза болушту.
Адилдикке чоңдорду
Үндөшүп каза болушту.
Жер менен кенди сатканды,
Казынаны уурдап качканды
Тилдешип каза болушту.
Дүнүйө жалган, боктугун,
Кепинде чөнтөк жоктугун
Үйрөтүп каза болушту.
Маданият министрлигин
Агенттик кылып ташташы,
Маданиятты жоготуу
Жөөттөрдүн болчу максаты.
Маданиятсыз эл болбойт,
Бул – өтө чоң маселе.
Тили, дили жок элди
Кул кылып алыш бат эле.
Бөлөктөр тепсеп бөркүңдү,
Бурмалап сулуу көркүңдү,
Батыштын басты туманы,
Баба мурас, кенчиңди.
Жүлүнүң тилип, өчүрдү
Жүрөктө жалын, өртүңдү.
Жигитти намыс өлтүрбөй,
Намысты жигит өлтүрдү.
Жыгылганды кордобойт
Акыл-эси жөн киши.
Кетип калган катынды
Жамандабайт эр киши.
Артынан жамандабаган
Кыргыздын улуулугунун белгиси.
Кыраакы, калыс башчыны
Кыргыздын келет көргүсү.
Эскилерди туурабай,
Эстүү болсо экен эмкиси.
Бакиев үчүн чердакта
Ырдагандар чыкты эле.
Көзү жакшы экен деп,
Сыйлагандар чыкты эле.
Түбүм еврей болот деп,
Жан жегендер чыкты эле.
Ажосун мактап Ак үйдөн,
Нан жегендер чыкты эле.

Телефондун ар бирин
Тыңдашкандар чыкты эле.
Омонду эмес, “Обонду”
Ырдаткандар чыкты эле.
Оң жагында он катын,
Сол жагында он катын.
“Обондорду” башкарган
Ортосунда чоң катын.
Бизнес кылып алышты,
Аянтта кылып соодасын.
Алаңды апчып жулушат,
Аткарбай койсоң дооматын.

Эне – бул үйдүн чырагы,
Үй жарык болсо бактың да.
Эне деген эң ыйык,
Чындык бар сүттөй ак мында.
Ал тургай,
Бейиш да калган эмеспи
Эненин таман астында.
Кыйкыргандар алиги,
Кызып алып ачкылга.
Энелик атты булгабай,
Элирбей үйдө жатсын да.
Көп чатак болуп кетпесин,
Көкөтөйдүн ашындай.
Татыктуу барсын кызматка,
Тааныш, тууган чакырбай.
Бир жарым миллиард кытайлар
Жашашып жатат чачылбай.
Үч миллион элди башкаруу
Оорбу сайдын ташындай.
Төрт айда бирден алмашып,
Төп келген мыйзам жазылбай.
Конституциябыз кор болду,
Көп эрден чыккан катындай.
Арабасын өлкөнүн,
Алдыга тартса үч Кыргыз.
Аркасын көздөй жылат да,
Артынан тартса жүз Кыргыз.
Сүйсө эгер чындап мекенин,
Сүйрөсүн алга бүт Кыргыз.
Куру убада, сөздөргө
Кулактын канды кужуру.
Тил эмес, колдун ишине
Көз суусап турган учуру.
Эл баштап атка мингендер
Эске алса экен ушуну.
Мурда,
Сүрдөнүп башын каткандар
Сүйлөй баштады эркектей.
Жайнады жалаң партия,
Жаздагы айгыр телпектей.
Кырчаңгы сүйлөй башташты
Калгандар мандат – жем жетпей.
Кырк ашы өтпөй балдардын,
Тиякта,
Кырылып жатат жер жетпей.
Чыныгы асыл жигиттер
Чын ажал тапты эл үчүн.
“Өлкөнү талап, жер бас!” – деп,
Өлгөн жок алар сен үчүн.
Баарыбызды жер жутат,
Бакыра бербе жер үчүн.
Наадандык кылып жатышат,
Намысы, ары кем үчүн.
Окко учуруп баласын,
Жоготуп бирөө агасын,
Кайгырып өлкө жатканда,
Кара жер – сенин талашың.
Макул дейли, ошол жер
Там салганга жарасын.
Кан жыттанган ал үйдө
Балаңды кантип багасың?
Кылмышстан баратат
Кыргызстанга жол салып.
Министрди мындай кой,
Муфтийге чейин кол салып.
Жетесиз мындай жол менен
Жете албайт өлкө алыска.
Чыр кыла бербей ар кимиң,
Чыгарбайлыбы калыс баа.
Жардам берели жаңы өкмөт
Жаңылбас жолду табышка.

Оорун колдон кармашып,

Жеңилин жерден алышса.

Аз калгансып баратат

Афганистан болуп калышка.

Кекенген бизге душман көп,

Келели калкым намыска.

Чоң державалар билгизбей,
Бири-бирибизге тукуруп.
Акчасын алса баары бир,
Акмактар жүрөт кутуруп.
Өзгө элдер бизге күйөбү,
Өлсө дейт кыргыз бузулуп.
Мамлекеттүүлүк бактысын
Албайлы калкым учуруп.
Кайрылам журтум баарыңа,
Калың эл: жашы, карыңа.
Өз чакаңарга сүт саабай,
Өлкөбүз үчүн саагыла.
Айланып калып жүрбөйлү
Улуттун душмандарына.
Милициялар тарапка,
Бурайын сөздүн өңүтүн.
“Айлыкты көтөргүлө” деп,
Булардын пикет кылганын
Биринчи жолу көрүшүм.
Кызматка келип ант берет,
Кыйынчылык күндө да,
Кылам деп кызмат эл үчүн.
Ошол антты унутуп,
Үрөйдү булар учурду.
Кылдын учунда турат өлкөбүз,
Азыр
Айлык дей турган учурбу?
Айтайын дагы өңгөнү,
Алтын эл нени көрбөдү.
Чагымчы, улут душманы
Түндүк-түштүк деп бөлгөнү.
Мамлекет үчүн пайдалуу,
Андайлар
Жашабай эле өлгөнү.
Бөйрөктөй болуп, Кыргызым,
“Бөлүнсөң бөрү жеп кетет.
Бөлүнүп калды Кыргыз деп,
Бөлөк элге кеп кетет”, –
Деп какшаган бабабыз
Бакайдын сөзүн эстесек.
Болбосо,
Беш манжа турат беш бөлөк,
Беттесе душман чыр кылат.
Жалгыздап турса күчү жок,
Жандаса зөөкүр тындырат.
Бешөөсү эгер бириксе,
Бир койгон жерин сындырат.
Эл башкарган эрендер,
Бектер жана берендер
Миң киши канын аянтка
Төгүшү менен келдиңер.
Сексен жети баланын
Өлүшү менен келдиңер.
Калкым деген бийликтин
Оңолорун эл билер.
Алкым деген бийликтин
Не болорун көрдүңөр.
Журтум деген бийликтин
Оңолоорун эл билер,
Кулкун деген бийликтин
Не болорун көрдүңөр.
Эл коргогон сакчылар,
Элин мыктап бакчулар,
Атпай журт жана башчылар,
Атка минер жакшыңар,
Эл бактысын тапчулар,
Соода борбор, дүкөндү
Соо койбой тоноп каччулар,
Кытайды жеңип алгансып,
Бирөөнүн жерин басчулар,
Бөлүнбөй кайра куралып,
Бир жеңден кол чыгарып,
Бир жакадан баш чыгар.
КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИНЕ

Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз өстүргөн сени, мени.

Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол кыргыздын жигиттери.
Токсон-тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.