воскресенье, 7 июня 2015 г.

Тилек Батыров жана Данияр Бабакулов WEF-3

Алтынбек Сулайманов, ЖКнын депутаты: “2500дөн ашык спортсмен балдарым бар”
30-май күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо “Көчмөндөрдүн күчү” аталышта улуттук күрөштүн кулатуу эр таймашынын кезектеги MMA WEF-3 мелдеши аяктады.
Кыргызстандык 15 балбан 8 бурчтук рингге Казакстан, Россия, Грузия, Өзбекстан, Тажикстан, Бразилия, Египет өлкөлөрүнөн келген тыңчыкмалар менен былчылдашып, мурундар канжалап, кол-буттар кайрылып, кыл чайнашкан тирешүүлөргө келген күйөрмандардын черин жазды. 4 саатка созулган мелдештин башынан аягына чейин катышып отурган ЖКнын депутаты Алтынбек Сулайманов мырзага эр уруш таймашынын жүрүшү тууралуу бир нече суроо берип жооп алдым, анда бирге тыңдайлы.
--Алтынбек мырза, эрежесиз эр урушту кыргыз балдары аалам алкагында жакшы деңгээлге көтөрүп чыгып атат дегенге кошуласызбы?
--Толугу менен кошулам. Дүйнөдөгү элдердин эр уруш таймашына кызыгуусу күчөп турган кез. Буга бир четинен азыркы тартылып аткан кинолор, балдар үчүн мультфилмдер, андагы камтылган сюжеттер бир аз түрткү берип аткансыйт. Ушундан улам эр уруш таймаштары да анын ар кандай жааттагы мелдештери да көбөйүп атат. Жер шарынын кайсы булуң-бурчун алба күн сайын ар кыл турнирлердин өтүп атканы байкалат. Бир эле учурда бизде, Францияда, Омскиде “Жаш күч” спорт клубунун балдары рингге чыгып атышты. Францияга жиберген 2 балабыздын бирөөсү чемпион болду да бирөөсү финалда таймашты. Омскиге жиберген балдарыбыздын баары байгелүү орундарды жеңгени тууралуу маалымат келип түштү. Россия жергесинде чечен, дагестан балдарын акыркы кезде сазайын колго берип атканы эл оозуна алына баштады. Башка спорттун түрүнөн ала албасак да эр уруштан дакаат берип атабыз. Демек, кыргыздын канында тайманбастык, эржүрөктүүлүк, шык бар экени тастыкталып атат.
--Эр уруштун кезектеги 3-мелдешине күбө болдуң, уюштуруучулук жагы кандай деңгээлде өттү деп ойлойсуң?
--Ар бир ишти уюштурууда анын түйшүгү, азап-тозогу болбой койбойт. Азыркы учурда баардык нерсе каржыга такалат. Ар кайжактан спонсорлорду издеп, кээ бир ири компанияларга кайрылып, алар бир аз колдоо кылып атканы жана эң негизгиси Жалпыга маалымдоо каражаттары бекер жарнамалап атканынын негизинде мелдеш өттү окшойт. Эмил Токтогонов болгон күч аракетин жумшап атканы чоң эрдик деп бааласа болот. Бирок, уюштуруучулук деңгээли абдан жакшы дегенден алысмын, бир аз начарыраак болуп атат. Ал көрүнүп эле турат. Талаптагыдай эмес. Анткен менен бу жолку мелдешке абдан күчтүү спортчулар келди. Бразилия өлкөсүнөн дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону болуп жүргөн Деви Оливейрону алалы. Же Грузиядан Нодар Кудукашвилини алалы. Булар ай ааламды сапырып жүргөн балбандар. Алар биринчи жолу Орто Азия анын ичинде Кыргызстанга баш багышты. Бу да бекеринен эмес. Себеби, алар деле угуп-билип атышат. Кыргыз жигиттери анын ичинде Данияр Бабакулов, Тилек Батыровдун деңгээлдери жогору экенин. Болбосо жөн эле келе беришпейт да. Биз үчүн бул чоң ийгилик.
--Эми таймашка келели, Тилек Батыров мурунку мелдешинде күчтүү балбандын белин майыштырган эле. Бу жолу ошо сен айтып аткан бразилиялык Оливейрого утулду. Биздин балага эмне жетишпей калды?
--Бразилиялык балбан мелдешке катуу даярданганы көрүнүп эле турат. Тилек колдонуп жүргөн көзүр ыкмаларына түшүп бербей койду. Мейли стойкада болбосун, мейли партерде болбосун. А Тилекти өзүңүз билесиз, Россияда, Европада өзүнүн салмак чениндеги эң күчтүү балбандардын бири. 3 раунд татыктуу салгылашты. Баардыгына туруштук берди. Бирок, упай топтоо жагынан бразилиялыкка жетпей калды.
--Матч-реванш болобу?
--Ооба, мелдештен кийин сүйлөшүүлөр жүрдү. Кийинки жылы матч-реваншка макулдугун берип атып, “мен эч качан 3 раунд мушташкан эмесмин. Баардык атаандашты биринчи эле раундда “тынчытчумун”. Тилек абдан күчтүү балбан экен. Мындайды күткөн эмес элем. Таза жеңишке жетпегениме бир аз ичим да чыкпай калды. Кыргыз жигитине “5” деген баамды бердим. Матч-реваншка макулмун” деди.
--Данияр Бабакулов жөнүндө айтып берсең? Атаандашы чабалыраак болуп калдыбы?
--Атаандашы чабал эмес. Луис Гомес менен Оливейро экөө бир клубда машыгат. Болгону Данияр күрөш тактикасын өзгөртүп, стойкада таамай муш жибергенге өттү да өзүнүн күрөшүн жүргүздү. Эгер Тилекке окшоп күрөшүп, анан партерде улантканда Бабакуловго бир аз кыйын болуп калмак. Бу жерде атаандаштын күрөшүн эмес, өзүнүн таймашын көрсөткөндүктө кеп жатат. Ошондуктан Данияр керек болсо өзүнөн күчтүү атаандашын татыктуу багынта алды.
--Ошо күнкү таймаштар купулуңа толдубу?
--Мурункуга салыштырмалуу мушкерлердин деңгээли жогору болду. Бу жагынан мени кубандырып купулума толгондой болду. Ал эми мелдешти өткөрүү жагына келсек, дэңгээли Россия, Казакстан, жадагалса Тажикстандын деңгээлине жетпей жатат. Эшегине жараша тушагы дегендей өзүбүздүн көрүүчүлөрдүн маданияты абдан эле төмөн болуп атат. Чын-чынына келгенде мелдешти жакшы алпаруучу көркүнө чыгарып коет. Бизде алпаруучубуз мелдешти башкара албай чаң-тополонго жол берип, келген конокторго уят болуп атабыз. Биз биринчи жолу өткөрүп аткан жокпуз. Эмдигиче алдыга карата жылыш болуш керек эле, анте албай атканыбыз бир аз өкүндүрөт.
--Силердин “Жаш күч” спорттук клубда машыккан балдардан Тилек Батыров, Данияр Бабакуловдон тышкары Мыктыбек Мамасалиев бу жолку мелдеште атаандашын жеңил эле багынткандай болду?
--Мыктыбектин атаандашы Тажикстандан келген эң күчтүү балбан болчу. Негедир жакшы күрөш жүргүзө албай колду. Же таяк жеп калам деп корктубу же даяр эмеспи белгисиз. Биринчи эле раундда багынып калды. Анткен менен Мыктыбек да дүйнөлүк мерчемдеги балбандардын катарында экенин унутпашыбыз керек.
--Мен билгенден “Жаш күч” спорттук клубда эрежесиз эр уруш менен гана эмес спорттун башка түрлөрүнөн да машыгып жүрүшөт...
--Волейбол, футбол, бокс, самбо, күрөш, улуттук спорттун ар кыл түрлөрү болуп жалпы жонунан 2 500дөн ашуун чоң спортко аттанган балдар машыгат. Булардын басымдуу бөлүгү КР спорт чебери, эл аралык спорт чебери наамдары барлар.
--Эл оозунда элек жок. “Алтынбек балдарын көчөө бандиттерин, криминалдарды даярдап, талап-тоноочулук менен шугулданат” деп аткандар жок эмес. Жадагалса ошол эле ЖКда жана ишкерлердин айткандарын угуп калган жайыбыз бар. Буга эмне дейт элең?
--Ооба, “Эл оозунда элек жок”, ар кимдин оозунан ар башка кептер чыга берет. Мен мындай пикирге, ой-толгоого такыр кошулбайм. Мендеги 2 500дөн ашуун баланы бандит кылып даярдап аткан болсом бу жерде отурат белем? Менин ордум башка жер болмок. Муну оозуна алы келбегендер, көралбастардын чыгарган кеби. Мындай сөздү спорт залдын босогосун аттап көрбөгөн, машыгуудан чыккан маңдай тердин шоргологонун көрбөгөн жана ошол эле спортчусу Кыргызстандын желегин аалам алкагында желбиретип, намысты колдон чыгарбай келген баланын кубанычын көрбөгөн көр адамдардын чыгарган сөзү. “Спорт” деген адамды бандитке эмес, тескерисинче, маданияттулукка, адептүүлүккө, ыйман жолунда түз жүргөнгө үндөйт. Эң негизгиси, спорт менен машыккан адамдын ден-соолугу чың. Спортчулардын баарын бандит дей бергенибиз акылга сыйбагандык. Ошол “Алтынбек бандиттерди даярдап атат” деген адам жок дегенде бир спортчуну жогорку, дүйнөлүк деңгээлге алып чыгып даярдады бекен? Мага ушу суроомо жооп беришсин андай эле кыйын экен...МК ПП БИР БОЛ!!!














Комментариев нет:

Отправить комментарий