суббота, 22 декабря 2012 г.
суйуум сага
Сүйдүм сени, жолдоштукка тандадым,
Сөз айталбай бир топ мезгил жандадым.
Өзгө адамды жактырарың укканда,
Өлө жаздап, өзүмдү араң кармадым!
Билбейм кантип жаратымды бүтөймүн?
Билик жандын өрт алышын күсөймүн.
Куу жыгачтай болгон менен кебетем,
Көөдөн быкшып, чычаладай түтөймүн!
Жүрөгүм таш, мен сүйүүгө сенекмин,
Жалбыраксыз жалгыз калган терекмин.
Сөңгөгүмө шынаа кагып кууратпа,
Сенден башка адамга да керекмин?!
Жолоочудай күндө сага кезигем,
Жарам ырбап, көргөн сайын эзилем.
Өзөк жанды мите курттай кемирип,
Өзүмдү-өзүм жеп аткандай сезилем!
чон мурун саясатчы
Жыртык көйнөк,
жыртык шым этибизде,
Жыртык мурун жалпайган бетибизде”.
Сагыз чыкпас өлкөдө
жашап жаткан
Саясатчы мурундар
эсибизде…
Акаевдин кашка баш, качкын мурду,
Акаева Майрамдын ачкыл мурду,
Ала-Тоого келалбай жетимсирейт
Айдар менен Берметтин баскын мурду.
Ал ортодо күнөөгө, канга баткан,
Ар бир кыргыз ашатып, каргап аткан,
Беларустун "сазынан” орун алды
Бакиевдин муруну жанга баткан!
А Максимдин муруну Лондон менен
Абдан ынак, жакын дейт чоңдор менен.
Ээнбаш, канкор Жаныштын мурду болсо
Ээн-эркин сейилдейт чоң жол менен...
Айтор,
бир топ мурун бар кармалбаган,
Абийир,
намыс, эл-журттан арданбаган.
Дайыны
жок негедир... Тирүү бекен
Даниярдын
муруну дардаңдаган?!
Андан
ары дептерди барактасак,
Азыркы "чоң
мурундар” шаракташат.
Аскар
менен Курманбек жолдо калып,
Алар
элди чогулуп каракташат!
Карыз
сурап ар кимден өңгүрөгөн,
Кийим
кийсе, чоң келип шөлбүрөгөн,
Атамбаев
Алмаздын мурду кантет
Абдан
борпоң, жүүнү бош, бөлбүрөгөн!
Дердеңдете
көтөрүп көккө мурдун,
Дем
алдырбайт айрымдар көпкө мурдун.
Бирок "көпкө”
жеткирбей талкалашты
Бабановдун
бизнесмен, өпкө мурдун!
Канча мурун жарылып, канап турду,
Канча мурун ырсайып карап турду,
Креслодон манчыркап кулаганда
Келдибеков мырзанын манап мурду.
Кайсыл
мезгил болбосун аман жашап,
Кээ бир
эпчил мурундар манаңдашат.
Жантөрөнүн
мурунун көпчүлүк эл:
"Жемкор,
кыйды, кыйтыр”,- деп жамандашат.
Бу чоңдордун токтолбой шок муруну,
Бирин-бири чукулайт бок муруну.
Бабановду же өзүн жайлайт бир күн
Болот Шердин коргошун "ок” муруну!
Эх, мурундар, мушташып, атышууда,
Эх, мурундар, чет элге качышууда!
Байсаловдун муруну табышмактуу –
Билим алган тыңчыдай АКШда...
Көп мурундар кыйналып, келтек жешет,
Көбү оңой бийликке келсек дешет.
Ташиевдин мурунун талдоочулар:
"Төшү түктүү, чоң муштум, тентек”,- дешет.
Кайсыл ажо келсе да эленбеген,
"Кой, козуга күбөлүк берем” деген,
Жапаровдун муруну укмуш тура,
Жеп-ичсе да бир жолу кебелбеген...
Ал кеп эмес... Андайлар бактылуу да,
Андан көптү жегендер аш кылууда.
Аксы жактан пикетке чыгабыз деп
Азимбектин муруну шаштырууда!
Элге-журтка көрсөтүп "кереметти”,
Эх, бир кезде дүң кылган тегеректи,
Эмнегедир муруну Өмүкенин
Эңсей берет "кур менен керебетти”...
Түшпөс хандар муруну "сабак” болду,
Түлеевдин муруну камак болду.
Экс-ажо Розанын бучук мурду
Эки жылга жетпестен "талак” болду.
Сасык
тумоо илдети туюлууда,
Саясатчы
мурундар суюлууда.
Арстанбектин
муруну: "Кыш болбойт”, - деп
Айткан
менен, баары бир куюлууда...
Ырас, күндө өзгөрүп кубулган бар,
Ырас, аты жаңыдан угулган бар.
Убагында дүңгүрөп, бирок бүгүн
Унутулуп бараткан мурундар бар.
Жунусовдун обончу, өрүк мурду
Жоголгонун көпчүлүк көрүп, туйду.
"Фронт” ачып майданда курман болгон
Феликстин "саясий өлүк” муйду...
Жетимиш
жыл тырсыйып желиндеген,
Жерге
түшсө мурундар желимдеген.
Масалиев
Исхактын мурду дале
Мавзолейде
жүрөт дейт Ленин менен.
Мотуевдин
жулунган "оюн” мурду,
Маанай
жокто күлкүгө тоюндурду.
Коогалаңда
"керектен чыкты” баса,
Конгантиев
дегендин чоюн мурду...
Мурундар бар курч тилдүү, чагылгандай,
Мурундар бар унчукпас, жарым жандай.
Мадумаров мырзанын кылыч мурду
Менменсинген ооруга кабылгандай...
Эмне дейбиз, негиз жок калп айтууга,
Эгемендик ай, жылды картайтууда.
Элин, жерин, энесин сатып ийчү
Эх, мурундар, мекенди жалпайтууда...
Мазасы
жок мурундар мурунтуктайт,
Мурдум
бүтүп, таптакыр бугум чыкпайт.
Кыйынчылык
колкодон алган кезде,
Кыргыздардан
эмнеге МУРУН чыкпайт?!
10 СОВЕТОВ ДЛЯ СЧАСТЬЯ ОТ ДЕЙЛА КАРНЕГИ
1. Если вы хотите найти счастье, перестаньте думать о благодарности и неблагодарности и предавайтесь внутренней радости, которую приносит сама самоотдача.
2. Никогда не пытайтесь свести счеты с вашими врагами, потому что этим вы принесете себе гораздо больше вреда, чем им.
3. Поступайте как генерал Эйзенхауэр: никогда не думайте ни минуты о людях, которые вам неприятны.
4. Не критикуйте, не осуждайте, не жалуйтесь.
5. Помните, что ваш собеседник может быть полностью не прав. Но он так не думает. Не осуждайте его.
6. Умейте встать на позицию другого человека и понять, что нужно ему, а не вам. С тем, кто сумеет это сделать, будет весь мир.
7. Если человек пытается использовать тебя в своих целях, вычеркни его из числа своих знакомых.
8. Если судьба преподносит тебе лимон, сделай из него лимонад.
9. Будьте заняты. Это самое дешевое лекарство на земле — и одно из самых эффективных.
10. Веди себя так, будто ты уже счастлив, и ты действительно станешь счастливее.

Подписаться на:
Сообщения (Atom)